Наверх
  • 0 (312) 620921

Иш-чаралар

АКШдагы Питтсбург университетинин профессору Чунг Янг Линин лексиясы

14 июньда 2013ж. Кыргыз - Түрк Манас университетинде  АКШдагы Питтсбург университетинин профессору  Чунг Янг Линин элге окулган лекциясы болду.

 

“Кыргызстандын Идеялык Картасы” долбоорунун чегинде, Прогрессивдүү Демилгелер Фонду президент Н. Назарбаевдин мамлекеттик долбоорлор боюнча консультантын, Питтсбург университетинин профессорун доктор Чунг Янг Ли “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү стратегиясы” атту лекциясын өткөрүү үчүн чакырды. Доктор Ли дүйнөдөгү көп университеттердин ардактуу профессору, түрдүү асосиациялардын, институттардын мүчөсү болуп эсептелет. Ал жогорку билимди бизнес иштетүү тармагында Сеул Мамлекеттик Университетинде алып, магистрдик билимин индустриялуу жана иштетүү, турмушта колдонулуучу математика, бизнес жүргүзүү тармактарында Айова штатынын университетинде алган.

Анын изилдөө тармактарына стратегиялык операциялар, JIT/TQM жөндөмдүү процесстерди иштетүү, технологиялык жана эл аралык башкаруу кирет. Доктор Ли 60тан артык журналдык макалалардын автору.

Андан башка, Чунг Янг Ли эл аралык программаларды жана долбоорлорду, мүдүр, консультант, программа иштетүүчү, кеңешчи катары ар кайсы өлкөдө (АКШ, Корея, Кытай, Бразилия, Франция, Уругвай, Орто Азия ж.б.) иштеп чыгууда чоң тажрыйбасы бар. Ал жогорку билимдин сапат - менеджментти, экономикалык жана стратегиялык өнүгүү, эл аралык бизнес, операцияларды башкаруу тармактарында тренер, эксперт жана консультант катары иштетүүдө чоң тажрыйбасы бар.

Элге окулган лекциясы 14 июньда 2013 жылы Кыргыз  - Түрк Манас университетинде ишке ашты. Лекцияга министрликтердин, мамлекеттик аппаратынын, эл аралык уюмдардын, Жогорку окуу жайлардын, финансылык мекемелердин жана илимий тармактардын өкүлдөрү чакырылды. Жалпы 160 катышуучу чогулду.

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде Чунг Янг Ли жана ар кайсы уюмдарынын башкаруучулары, университеттин мугалимдери, студенттери менен жолугуушу уюштурулду. Анын ичинде саясий, экономикалык жана социалдык  мүнөзүндөгү суроолорго жооп табылды.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду профессордун чыгуусу абдан пайдалуу жана мазмундуу болгонун белгилеп кетүүдө. Анын ичинде мамлекеттин саясий, социалдык тармактарында стратегиялык өнүгүүнүн элеси, өлкөнүн реалдуу көйгөйлөрдүн чечүүлөрү, башка мамлекеттердин ийгиликтүү өсүш үлгүлөрү көрсөтүлдү.  Докладда биздин мамлекеттин өнүгүү боюнча ишке ийкемдүү сунуштар берилди.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонд менен докладдын максаттарын салыштырганда, жалпы багыттарды белгилесек болот. Себеби долбоорлор менен Фонддун программасы биздин элдин адам ресурстарын, интеллектуалдуу потенциалды ачып көрсөтүүгө багыт алат. Фонд, «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоордун чегинде өткөн профессор Чунг Янг Линин чыгуусуна коом татыктуу баа бергенине ишенет.

Жыйынтыкта, Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, биздин мамлекет жөнүндө профессионалдуу ой пикирлерди жана сунуштарды билдирген, ушундай деңгээлдеги профессорлор менен бирге иш чараларды уюштурганга абдан сыймыктанат.

Биздин мамлекет так эле азыркы учурда өз тармактарындагы мыкты адистерге, биздин өлкөнүн келечек элесин так көрө алган, анык баштоочуларга кемчилик сезүүдө.

Лекциянын негизги  мазмуну:

Мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү 4 фактордон түзүлөт:

1.     Лидерлик

2.     Пландоо

3.     Инфраструктура

4.     Финансылоо

Дүйнөдө көп өлкөлөр 4 , кээ бирлери 3 факторлорго ээ болот. Кыргызстан баардык факторлорго ээ болууга аракет кылыш керек.

Жакшы жетекчиликсиз өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эмес. Баштоочу мамлекет 20 жылдан соң кандай абалда боло турган элесин көрүп билиш керек. Лидерликтин негизги белгилери – тунуктук, тазалык жана коррупциядан эркиндик.

Мисалы, Кореяда 60-чы жылдары, Кыргызстандын 2007-чи жылдай эле, окшош саясий жана экономикалык жагдай болгон. Коррупция бүтүн Кореяны бузган эле. Бирок жаңы баштоочу келген соң, Кореянын абалы өзгөрдү. Ал өзүнүн элесин көрсөтүп, коррупцияга каршы сөз менен эмес, аракет менен согуш жарыялады. Кореянын жараандары баштоочунун жетекчиликке жаңы мамилесин көрүп, ага ишеништи. Лидерликтин дагы бир касиети – кадр маселесин туура чечүү, кызматка татыктуу кишилерди коюу. Ошондуктан, дурус, ак ниеттү, таза кызматкерлер бүт денгээлдерде баштоочулук түзөт. Мамлекет адам ресурстарын туруктуу өнүгүүсүндө негизиги чечүүчү орун алат. Жаш жараандардын жаңы технология, илим, математика жана инженерия тармактарында сапаттуу билимге ээ болушу – биздин зор маанилүү приоритетибиз. Мисалы, Корея студенттерди дүйнөдөгү эң жакшы университтерге жөнөтүп, мамлекеттин келечеги үчүн, өз тармактарындагы адистер менен камсыздайт. Кореяда ар бир уюмда персоналдын 80% STEM системадагы доктордук даражага ээ, ошондуктан Корея өнүмдөрү жогорку даражадагы конкуренция жөндөмдүүлүктүн курчоосунда.

Өкмөт, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп,тарифтерди жөнгө салып, протекционизм саясатын жүргүзүүсү зарыл, жана азыркы замандагы өндүрүмдөрдү кайта иштеп чыгарып, аны экспортго жөнөтүш үчүн, жабдуулар менен гана эмес, жаңы технологиялар менен камсыздаш керек. Бул иш аракети улуттук байлыктардын баасын түзүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Жаратылыш байлыктардын экспорту эмес, жаңы технологиялар өлкөнүн экономикасына туруктуулук берет.

Мисалы, АКШнын белгилүү iPhone дун негизги бөлүгүн (электрондук чипти) Кореядан алып келет, ошондуктан кирешенин бөлүгүн Корея алат. Жогорку технологиялардын экспорту алтын соодасынан да оңтойлуу.

Мамлекеттик статегиялык программалар так максаттарды, приоритеттүү багыттарды коюп, аларды ишке ашыруу үчүн реалдуу пландарды түзүш керек. Мамлекеттик статегиялык программалар, аракет плансыз, куру бекер документ болуп, ишке ашпаган, мазмунсуз лозунгтарга толуп калат.

Бир орунда көп кеңешип отурбай, иштеш керек.

Мамлекет койгон максаттарынан, приоритеттик багыттарды белгилеп, аларды биринчи кезекте ишке ашыруусу зарыл. Корея, Сингапур, Малайзия, Япония өлкөлөрдүн ийгилиги -  багыттарды так аныктагындыктан чыкты. Кыргызстанда ар бир тармакта приоритеттер коюлуш керек. Мамлекеттин стратегиясы Кыргызстандын бир гана тапты эмес, баардык жараандардын тиричилигин капташы, баары өз иш аракетине жараша киреше көрүшү зарыл.

Кыргызстанга 2-3 тараптык мамилелерди, регионалдык кызматташууну өнүктүрүп, башка мамлекеттер менен келишимдерди түзүп, соода эркиндикти талаптаныш керек. Биздин мамлекет Бажы союзундагы мүчөлүгү Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүктөн маанилүүрөөк. Кыргызстанга чоң инвестиция тартып,чет өлкөлүк инвесторлар менен мамилебиз ишеним негизинде түзүлүш керек. Коррупция себебинен эл аралык даңктуу компаниялардын Кыргызстанга келиши мүмкүн эмес, жана коррупцияга кирген өкмөт коррупцияга кирген инвесторлорду тартат. 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо