Наверх
  • 0 (312) 620921

Фонд жөнүндө

ФОНДДУН КУРУЛУШ ТАРЫХЫ

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Салымбеков Аскар Мааткабылович тарабынан 2012-жылдын 19-декабрында негизделген

�м�

Фонд жаш илимпоз жана адистердин биригүүсүнөн жаралып, терең изилдөөлөрдү жүргүзүүчү, идеяларды чогултуучу, коомдун көз караш жана мүмкүнчүлүктөрүн топтоп,  Кыргызстандын жаштарынын башын бириктирип, өнүккөн, күчтүү коомду түзүү үчүн керектүү чечимдерди кабыл алууга чакырган уюм болуп саналат.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду  «Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорун ишке ашырууда чоң роль ойнойт. Негизги уюштуруучу, идеялардын, демилгелердин генератору жана долбоордун өнөктөш жана катышуучуларын байланыштыруучу орган болуп саналат.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду реалдуу аянттарды (конференция, форум, конкурстар жана башка кезигишүүлөрдү), виртуалдуу аянттарды да (веб-сайт ж.б.)  түзүү жана алардын эффективдүү иштешин камсыздайт. Бул аянттарда идеялардын таза конкуренциясы болот жана терең анализделген практикалык стратегиялар, конкреттүү сунуштар жана реалдуу проекттер иштелип чыгат. 

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду атайын түзүлүп, прогрессивдүү идея, жаратмандык демилгелердин жалпы калайыкка жетүүсүн, коомдун баа жана сынын алуусун жана элдин колдоосуна ээ болуусун камсыздаган «медиа-борбордун» эффективдүү иштешин негиздейт. 

2013-жылдын 21-февралында Мамлекеттик тарых музейинде официалдуу ачылышы болгон. 

«Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорун ишке ашыруунун биринчи кадамы ташталган. 

Фонд прогрессивдүү идея, жаратмандык демилгелерди топтоо, колдоо жана жалпы энергия, аракеттерди бириктирүү ишмердүүлүгүн төмөнкү максаттарда ишке ашырат:  

�м�

  • мамлекеттин акыл казынасын түзүү жана прогрессивдүү идея, жаратмандык демилгелер менен  деялык вакуумду толтуруу менен стратегиялык баш аламандыкты жана идеологиялык айкынсыздыкты жоюу, мамлекетти идеялык көз карандылыктан чыгаруу;
  • прогрессивдүү идея, жаратмандык демилгелерди өндүрүп чыккан, чын дили, баардык аракети менен иштеген, эң маанилүүсү элдин биримдиги үчүн күйгөн конструктивдүү жаш реформатор жана аналитиктердин коомун түзүү;
  • Кыргызстандын жаштарын бириктирүү жана өнүктүрүү менен жоопкерчиликтүү, чечкиндүү муунду тарбиялоо. 

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИДЕЯЛЫК КАРТАСЫ

Тапшырмалары:

  • идея, демилгелердин өздүк булагын түзүү жана саясатка багыталган изилдөөлөргө, анализдерге жол ачуу;
  • жаштардын идея, демилгелеринин атаандаштыгын түзүү менен мыкты, алдыңкы  идея, демилгелерди алып чыгуу;
  • прогрессивдүү идея, жаратмандык демилгелердин аянттарын түзүү менен энергиялуу жаштарды топтоо жана бул идея демилгелерди талкулоо, баалоо менен жаштардын көз карашын өзгөртүү;
  • эң мыкты идея, демилгелерди ишке ашыруу менен коомдогу орчундуу маселелерди чечүүгө жардам берүү;
  • жаштарды өнүктүрүүчү, алардын идея, демилгелерин жалпы журтка маалымдоо менен баа жана сынга салуучу борбор куруу.

ФОНДДУН ПРИНЦИПТЕРИ

�м�

�м��м�


ФОНДДУН БАГЫТТАРЫ

�м�


ФОНДДУН ИШМЕРДYYЛYГY

  • жаштардын инновациялык, новатордук потенциалын ачууга, чыгармачыл, аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана лидердик сапатын арттырууга көмөк көрсөтүү;
  • жаштардын маданий-таанытуучу, адеп-ахлактык жана коомдук агартуучу демилгелерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө массалык маалымат катары басма ишин жүргүзүү  менен Фонддун максат жана милдеттерин жайылтуу;
  • таланттуу жаштарды, жөндөмдүү балдарды табуу жана алардын өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүү;
  • маданий-таанытуучу, маалыматтык жайылтуучу, илимий изилдөөчү иш-чараларды жүргүзүү;
  • туура жашоо мүнөзүн пропагандалоочу жана бул жашоо мүнөзүн түзүү шарттарын камсыздоочу өз жана жаштардын долбоорлорун ишке ашыруу;
  • туура тарбия берүү үчүн жана жоопкерчиликтүү, гумандуу, адилеттүү жаштарды даярдоочу өз жана жаштардын долбоорлорун ишке ашыруу;
  • маданий, спорттук, кайрымдуулук жана башка коомдук иш-чараларды түзүү жана аткаруу;
  • конференция, семинар, тегерек стол, конкурс, таймаш жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды жаштардын арасында уюштуруу.  

 


ФОНДДУН АТКАРГАН  ИШТЕРИ

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери өз өнүгүүсүндө көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып, ирдене албай келет.  Өлкөбүз мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелерди чечүү үчүн эффективдүү заманбап ыкмаларга муктаж болууда. Ушул себептерден улам коомубуздун арасынан чыгаан инсандарды таап чыгып, аларга алдыңкы идеяларын, билим менен тажрыйбасын өз мекенинде колдонуп, элди ынтымакка чакырууга шарт түзүү жана колдоо мезгили келди.

Фондду түзүүнүн эң негизги да себеби дал ушунда жатат, тактап айтканда жаратман идея жана демилгелерди алга сүрөө, колдоо, биримдикке чакыруу, аны менен бирге күчтүү, акылдуу жаштардын коомун түзүү, жаркын келечектүү коомду орнотуу. 2012-жылдын 19-декабрында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду белгилүү ишкер, коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков тарабынан негизделди.

 Демек Фонд таланттуу, келечектүү, ой өрүшү кең, демилгелүү, жоопкерчиликтүү жана кайраттуу реформатор жана аналитиктерди, эң оболу мекени үчүн күйүп, жардам берүүгө умтулган жаштарды колдоо үчүн түзүлгөн.

Максаттарды иш жүзүнө ашыруу үчүн, 2013-жылдын 21-февралында  «Кыргызстандын Идеялык картасы» аттуу долбоору башталды. Программанын ишке ашыруу механизми катары атайын Кыргызстанда алгачкы улуттук краудсорсинг-платформасы түзүлүп (www.fpi.kg сайтында), катталган ар бир жаран үчүн белгилүү темалар боюнча негиздүү идеяларын, сунуштарын берүүгө шарт түздү. Мындай улуттук краудсорсинг-платформанын расмий ачылышы 2013-жылдын 19-мартында коомдук, эл аралык жана жаштар уюмдары, ишкерлер жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, илим чөйрөсүнүн катышуусунда Космопарк борборунда болуп өттү. 

Жалпысынан Фонддун максат жана программаларын коомчулукка жеткирүү максатында март айынан тартып 50дөн ашык жолугушуу уюштурду. Жолугушуулар Бишкек, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош аймактарындагы жогорку окуу жайларында, коомдук уюмдарда болуп өттү. 

Oшондой эле Фонд тарабынан май жана июнь айларында «Кой-Таш» мейманканасында тегерек столдор уюштурулуп, Мындай жолугушуулардын жыйынтыгында атайын үч жумушчу топ түзүлүп,  алардын алдында белгиленген үч багыт боюнча Коомдук документтерди даярдоо милдети жүктөлгөн. Башталаган иш акырындык менен аягына чыгып, 2013-жылдын 19-июлунда I Коомдук «Акыл кубаты» форуму өткөрүлүп, үч Коомдук документ тааныштырылды. Мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, эксперттер, окумуштуулар жана жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү катышкан бул Форумдун жүрүшүндө жумушчу топтордун ар бир мүчөсүнө баалуу белектер жана сертификаттар берилип, ыраазычылык билдирилди.

 Форумда сунушталган документтердин биринчиси, «Кыргыз Республикасынын интеграция процессине кирүү платформасы (Бажы союзу)». Бул документтин максаты бажы союзунун оң жана терс жактары боюнча кеңири маалымат берүү болуп саналган.

Ал эми экинчи коомдук документ «Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен жеке ишкерлердин ортосундагы кызматташтык концепциясы» Бул документте мамлекет менен жеке секторду кызматташтыгы тарыхый зарылдык жана экономиканы көтөрүүнүн бирден бир жолу экенин белгиленип, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалар көргөзүлүп, бул кызматташтыкты биздин өлкөдө оң жолго коюунун конкреттүү механизмдери сунушталган.

Ал эми , «Жарандык платформа: коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңүү жолдору» деп аталган үчүнчү коомду документти даярдоонун өзү эң татаал болду, анткени анда коомубуздагы баалуулуктардын өзгөрүшү, коррупция жана мыйзамсыздык сыяктуу өтө олуттуу жана оор маселелер каралган. 

Фонддун дагы бир маанилүү иш аракети Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» жарышын уюштуруусу болду.  Жарыш бүткүл дүйнө жүзүндөгү ой чабыты кенен, жаңы ыкма менен иштөөгө дилгир жана жаңыча көз караштагы жарандарга багытталып, коомдогу актуалдуу маселелерди чечүү боюнча өз сунуштарын берүүгө жол ачты. Натыйжада май айынан июнь айына чейин экономика жана башкаруу багыттары боюнча Фонддун сайтына 100дөн ашуун эмгек келип түшүп, 68 эмгек сынактын шарттарына жооп берип, тандалып алынды. Академик Турар Койчуевич башында турган топ алгачкы экспертизадан өткөн иштерди өтө дыкаттык менен карап чыгып, 14 сынактык иш мыкты эмгек катары белгиленип, биринчи орунга татыган 4 инсандын ар бирине 100 000  сомдон, экинчи орунга ээ болгон 4 инсандын ар бирине 75 000 сомдон, үчүнчү орунга татыган 6 инсандын ар бирине 50 000 сомдон акчалай сыйлыктар жана айрым жарыштын катышуучуларына кошумча сыйлык катарында планшет тапшырылды. Ошондой эле Фонддун атайын сыйлыгына татыган инсандарга ноутбук жана планшеттер ыйгарылды.

Фонд дагы бир олуттуу иш-чараны, тактап айтканда, илимде жараткан ийгиликтери, илим-билимге дилгирлиги жана өлкөбүздүн тагдыры үчүн күйө билген мекенчилдиги менен айырмаланган жаш окумуштууларды таап, аларды калайык-калкка тааныштыруу ишин да баштады. Ушундай максатта Республикабыздын Улуттук илимдер академиясына жана жогорку окуу жайларына кайрылып, натыйжада, аталган мекемелердин Окумуштууулар кеңешинин чечими менен 45 жаш илимпоз Акыл Тирек наамына сунушталып, 45 жаш илимпоздун ар бирине “Акыл Тирек” наамы салтанатуу түрдө тапшырылды.

2013-жылдын 14-июнунда Фонд Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Питтсбург университетинин профессору, экономика илиминин доктору Чунг Янг Линин лекциясын өткөрдү. Ал эми 2013-жылдын 2-июлунда Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Кыргыз улуттук стартегиялык изилдөө институтуна колдоо көрсөтүп, «Кыргыз Республикасынын кичине жана орто бизнестеринин инновациялык мүмкүнчүлүгү» аттуу темада тегерек столду уюштурду.

Мындан сырткары, Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков тарабынан 2013-жылдын биринчи жарымында  келечек муунга кам көрүү, прогрессивдүү, жаратман жаштардын жетилүүсүнө, өлкөнүн жаш элитасын курууга салым кошуу максатында «Менин гениалдуу балам» аттуу китепти эки жарым миң нускада чыгарууга жардам берилди. Бул китеп  «Философия муравья» китептеринин автору жана Эл аралык «Само» адам өнүктүрүү борборунун президенти  Саидмурод Давлатовдун  калемине таандык. Ал эми Фонд тарабынан Саидмурод Давлатовдун финансылык сабаттулук боюнча атайын төрт күндүк курсун октябрдын 18 инен 21ине чейин акысыз өткөрүүсү жарандар тарабынан өзгөчө ыраазчылык менен кабыл алынды. ЖОЖдордун алдыңкы студенттери, аймактардан келген өкүлдөр кары жаш дебей катышкан бул иш чара коомчулуктун мындай иш чараларга муктаж экендигин ачык айкын көргөздү.  

Ошондой эле 25 октябрда Кыргыз Түрк Манас университетинде “Акыл тирек: сунуштар жана пикирлер” аттуу илимий практикалык конференция болуп, анда акыл тирек конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн эмгектерин коомчулукка тааныштыруу иш чарасы болду.

Коомдун чоң көйгөйүнө айланган коррупцияга каршы күрөшүү максатында Фонд коррупцияга каршы коомдун күчүн консолидациялоо үчүн «Прогресс Фонду» коомдук фондуна финансылык дагы уюштуруучулук дагы жардам көргөзүп, бирдикте аракет кылууда.

Мындан сырткары, Фонд SEEMEP программасын ишке ашыра баштады (башкаруу жана аткаруу процесстеринин эффективдүүлүгүн баалоо системасы). Аталган программа мамлекеттик бийликке, аймактык башкаруу органдарына элдин жашоосун, башкаруу процесстерин жеңилдетүү менен чыгашаларды азайтууга жардам берүүчү программа болуп саналат. 21-кылымда ылдам жана эффективдүү ишмердүүлүк улуу бийиктиктерге мамлекетти жана коомду тез жеткирерин эске алсак, жогорудагы программанын мааниси зор экендигине ынанабыз.

Фонд  ошондой эле   Жумагул Рыскулбек уулу Байдилдеевге финансылык колдоону  көрсөтүүдө. Рыскулбек уулу Байдилдеев Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Уфа, Оренбург шаарларындагы репрессия, 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу архивдеги материалдарды ордуна келтирүү жана топтоо иштерин алып барууда. Бул кыргыз элинин тарыхы үчүн абдан маанилүү иш демекчибиз. 

Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков  бул жылдын август айында  VII Эл аралык «Бир Дүйнө Кыргызстан» аттуу адам укуктарына арналган документалдык фильмдер фестивалына колдоо көрсөтүүнү чечти. Бишкек шаарында 2013-жылдын                 18-24-сентябрында болуп өткөн бул фестивалдын  негизги тематикасы: «Иш миграциясы: адам укуктары» болду. Миграция жана адам укуктары маселелери биздин коомчулукта өтө актуалдуу болгондуктан, кино аркылуу бул маселелерди калкка жеткирүүнүн эффективдүүлүгүн билип Фонд фестивалдын өтүшүнө уюштуруучулук жана финансылык колдоо көрсөттү. Ошондой эле фестивалдын жеңүүчүлөрү үчүн Фонддун атынан атайын статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыктар берилди. 

Фонд Соода жана өнөр жай палатасы менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ишкердик Кеңешин бирге уюштуруу максатында кызматташты. Атап айтканда 2013-жылдын сентябрь айында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ишкердик Кеңешинин отурумун Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көргөзүү максатында  Фонд тарабынан Соода жана өнөр жай палатасына колдоо көрсөтүлдү.

«Акыл Тирек» жарышын улантып, 7-ноябрь ММК күнүнө карата Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы биргеликте, ОАО “Росинбанктын” колдоосу менен бардык массалык маалымат каражаттарындагы акыл тиректерди аныктоо жана колдоо максаты ишке ашырыла баштады. Ар кандай тармактардан тактап айтканда, телевидение, радио, гезит-журнал, маалымат агенттиктеринен татыктуу, элге эмгеги сиңген журналисттер аныкталып, “Акыл Тирек” наамын ыйгаруу салтанаты 5-ноябрь “Космопарк” борборунда болуп өттү. Номинанттар статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыктар менен, ошондой эле кээбирлери жеңилдетилген ипотека сертификаттары менен сыйланышты. Бардыгы сегиз номинация болуп («Көч башы», «Жаш тирек», «Курч калем», «Теле көз караш», “Интернет күзгүсү”, “Алтын көпүрө”, “Эл сүймөнчүгү”, “Кадырман калем”), ММКынын ар түрдүү тармактарынын өкүлдөрүн камтып, ар башка аспектиден бааланышты.


Салт катары улантуучу кадамдар тууралуу айта кетсек:

  • Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» жарышын;
  • Журналистика багытындагы “Акыл Тирек” жарышын;
  • «Акыл кубаты» программасын;
  • SEE MEPди өрүшү жагынан кеңейтүү, маани-мазмуну жагынан байытуу жатат.

Кыргыз жарандары үчүн  краудсорсинг-платформасын жаңылатып, акысыз тренингдерди улантуу менен компетенттүү жарандарды бириктирүүгө мындан ары да өзгөчө назар буруу да кийинки кадамдардан болуп турат.

Фонд мурунку кызматташтыктарды мындан ары дагы улантып бекемдейт, ошондой эле жаңы кызматташтыктарды да түзүүүгө умтулат. Фонд дайым өз миссиясынан тайбастан, жаңы үлгүлүү элитаны курууга, коомдун прогрессивдүү, жаратман бөлүгүн бириктирүүгө умтула бермекчи. Жаркын келечекти кимдин бирөөлөрдөн күтүп турбастан, аны бүгүн өз колубуз менен курууга милдеткербиз. Бул үчүн коомубуздагы жаратман инсандарга ак дилден колдоо көрсөтүп, жаш-кары дебей баарына ишенич жаратуу зарыл. Мына ушул ары олуттуу, ары жоопкерчиликтүү милдетти Фонд аркалай бермекчи. 

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо