Наверх
  • 0 (312) 620921

Кыргызстандын идеялык картасы

«Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорунун

демилгечисинин жалпы көз карашы

      Кыргыз эли миң жылдаган тарыхка ээ болгон Борбордук Азиядагы байыркы эл катары башынан көп нерсени өткөздү. Бир учурда кыргыздар күчтүү мамлекет куруп, өз эркиндигин коргоп гана эмес,  Кытай династиясы, Түрк каганаты сыяктуу улуу мамлекеттер менен да тең тайлашып келген. Ал, улуу эл башчылардын, күчтүү кыргыз элитасынын жана улуттук аң сезим менен биримдүүлүктүн гүлдөп турган мезгили болгон. Бирок кыргыз эли тукум курут болуп, мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучун башынан өткөргөн учурлар дагы болгон. Ал учурлар улуттук аң-сезим мокогон, ынтымак ыдыраган кымгуут мезгилдер эле. Мындайда эл эмне кыларын, кимди ээрчирин билбей, башаламандык жана карама-каршылыктардын ортосунда калган.

       Кыргызстан бүгүн да мындай абалда турууда, кымгууттук жана карма-каршылык ар бир тармакта күч алып, ар кандай формада жайылууда. Мындай кыйын кезеӊдерден, бардык аракетин, энергия жана акыл-эсин бириктирип, аны жаратман иштерге жумшай алган ынтымактуу элдер гана жеңиш менен чыга алышкан. Жалпы аракет, энергия жана акыл-эстин «Улуу Биримдиги» аз сандагы калктарды күчтүү мамлекет кылып, башка күчтүү мамлекеттерге акыл үйрөтө турган деңгээлге жетүүсүнө шарт түзгөн. Бул элдер «Адамдын улуулугу бою менен, элдин улуулугу саны менен аныкталбайт» деген сөздү иш жүзүндө далилдешкен.

          Чындыгында Малайзия, Сингапур, Бириккен Араб Эмираттары жана Түштүк Корея мамлекеттерин карап көрсөк, анда алардын өткөн кылымдардагы ийгиликтүү тажрыйбалары жогорудагыларга далил болуп турат. Себеби, бул мамлекеттер келечеги белгисиз жана чоң мамлекеттердин интервенциясына түшүп калуу абалынан, улуу биримдик, бир максат жана бир багыт астындагы талбаган аракеттери аркылуу  өз аймагындагы күчтүү  эгемендүү өлкөлөрдөн болуп чыга келишти.     

     Келгиле, жалпы аракет жана биримдик аркылуу кымгуут жана тирешүү абалынан чыгабыз! Мекенибизди аймактагы күчтүү мамлекетке  айландырабыз жана биз дагы элдин улуулугу саны менен аныкталбай тургандыгын далилдейбиз! Элдин улуулугу кандай гана кыйынчылык болбосун аны коргоп, алып чыгып кете ала турган биримдик жана улуттук аӊ-сезими,  күчтүү элитаны тарбиялай жана пайдалуу идеяларды жарата алган жөндөмү менен байланышкан!

           Келгиле, өзүбүздү өзүбүз алдабайбыз!  Келечекти пассивдүү түрдө күтпөстөн, аны бүгүн жаратабыз. Кыргызстандын келечеги, бүгүн жасала турган иш аракеттерибизден көз каранды. Кыргызстандын келечегинин фундаментин бүгүн тургузуу керек. Куру намыс, куру сөздү жар салып, саясий кайрылуулар менен күчтүү мамлекет кура албайбыз. Системалуу жана комплекстүү ыкмалар гана өлкөнү кризистен чыгара алат. Кыргызстанга терең анализделген өз программалар, антикризисттик концепциялар керек. Мамлекетке Махатхир, Ли Куан Ю, Пак Чон Хи жана Дэн Сяопиндердин командалары сыяктуу улуу өзгөрүштөрдү жасай турган энергиялуу, ишин мыкты билген адистер керек.

            Демек, кризистен чыга турган жолду билип туруп, адашпайлы, алданбайлы! Келгиле, биригели, ынтымак жок болсо эч нерсеге жетишпейбиз! Эгер өз идея, демилгелерибиздин булагы болбосо, эч кандай өнүгүү моделин түзө албайбыз. Келгиле, өлкөбүздүн акыл тирегин курабыз! Келгиле, иш билги адистер, жаш реформатор жана аналитиктердин коомун түзөбүз!

                                                                                                                                                                                       

 А. Салымбеков

Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгы

     Мамлекеттин келечеги өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө натыйжалуу чечимдерди сунуштаган прогрессивдүү идеялар, мамлекеттик тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткара алган профессионалдуу кадрлар, биримдикте жаратман иштерди жасаган жоопкерчиликтүү атуулдар менен байланыштуу. Бул багытта мамлекетибиз 20-жылдан бери кыйынчылыктарды тартып келет. Себеби, ушул күнгө чейин бизде уникалдуу, мамлекетке пайдалуу идея жана демилгелерди электеп, чогултуп жана сүрөй турган механизм болгон эмес. Бул, прогрессивдүү идеялардын жана жаратман демилгелердин пайда болушуна жана ишке ашышына жол бербей келген. Мына ошондуктан, көптөгөн жакшы идеялар жана демилгелер көпчүлүккө билинбестен жана угулбастан калып келсе, көптөгөн потенциалдуулары ишке ашпай жана тепселенип кала берген. 

       Потенциалдуу жана келечектүү жаштарды, татыктуу кадрларды эл арасынан сууруп чыгып, аларды колдоп жана сүрөй турган механимздин жок болушу, профессионалдуу кадрлардын жана прогрессивдүү күчтөрдүн коомунун пайда болушуна тоскоол болуп келген. Анын негизинде, жакшы идеялары бар жөндөмдүү жана көптү үмүттөндүргөн атуулдар коомчулукка таанылуу жана угулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой келишкен.

     Кандайдыр бир саясий, диний, улуттук, регионалдык жана ушул сыяктуу чакырык багыттарсыз мамлекеттин өнүгүшүнө кызыкдар мекенчил атуулдарды бириктирип, алардын аракеттерин консолидациялап жана жалпы бир жаратман ишке жумшай турган механизм дагы болгон эмес. Тактап айтканда, мекенчил атуулдар конкреттүү бир иштердин негизинде өлкөнүн өнүгүшү жана мамлекеттүүлүктүн чыңдалышына салым кошууга жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, жалпы жаратман ишке жумшай ала турган механизм болбой келген.    

       Мындан сырткары коомдук интеллекти бириктирип,  мамлекеттин пайдасына эффективдүү колдонуу шартын түзгөн механизм болгон эмес. Башкача айтканда, мамлекетке жол көрсөтө турган ар кандай багыттагы стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгууда комдук интеллектке таянып, аны  эффективдүү колдоонучу механизм болбой келген. Демек, мамлекетте көптөгөн эксперттер, аналитик жана окумуштуулар болгону менен, алардын потенциалын колдонуу жолдору жок. Эң негизгиси мамлекетибизде, ар дайым өзгөчө идеялардын жана инсандардын пайда болуусун  камсыз кылган механизм болбой жатат.       

       Мындай механизмдердин жоктугу мамлекетибизди парадоксалдуу абалга кептеп койду. Мамлекеттин потенциалына карабастан, өлкөбүз идеялык туңгуюкка, стратегиялык адашууга жана идеологиялык айкынсыздыкка кабылды. Чындыгында, мамлекетибизде идея жана демилгелердин, саясий жана коомдук ишмерлердин, эксперттердин, окумуштуулардын жана активдүү жаштардын көптүгүнө карабастан, ушул күнгө чейин мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо, күчтүү экономиканы куруу багытында, ошондой эле бирдиктүү бир идеология боюнча негизги көз караш жана ой бирдиги жок болуп жатат. Ушул күнгө чейин чечкиндүү реформаторлор, күчтүү аналитиктер жана профессионалдуу кадрлар чыкпай келет. Ар кандай далилсиз жана негизсиз радикалдуу жана жоосунсуз идеялар, профессионалдуу эмес инсандар коомчулукка таанылып жана популярдуу болууда. Биз, дагы деле чет мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын эксперттеринин кеңеш жана пикирлеринен көз карандыбыз. Көпчүлүк, эгерде желектин түсүн, гимндин текстин жана бир саясатчыны башкасына алмаштырса, же болбосо эл аралык эксперттерди чакырып, алардын кеңешин алса  баары жакшы болуп кетет деп ишенүүдө.   

        Биз, ар дайым жаңыланып турчу прогрессивдүү идеялардын базасын жана мыкты профессионалдардын фабрикасын чагылдырган «идеялык тирегибизди» курбасак идеялык туңгуюктан, стратегиялык адашуудан жана идеологиялык айкынсыздыктан чыгып, күчтүү жана көз карандысыз мамлекет боло албашыбызга маани бербей жатабыз.

       Ошондуктан мамлекетибизге, ар дайым саясий элитаны - жаңы прогрессивдүү күчтөр, иш билги азаматтар менен жаңылап жана күчтөндүрүп турган, идеялык казынабызды - керектүү жаратман, оригиналдуу идея жана демилгелер менен толуктап турган, коомдук интеллекти - мамлекеттин пайдасына бириктирип жана эффективдүү колдоно турган, атуулдардын аракетин - бириктирип, жалпы бир жаратман ишке жумшай турган механимздер зарыл болуп жатат.       

Долбоордун маңызы

      Биз сунуштап жаткан “Кыргызстандын Идеялык Картасы”  дал ушул  жогорудагы  көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып, зарыл болуп жаткан механизмдин ролун аткарат. Мына ошондуктан “Кыргызстандын Идеялык Картасы” бул:

    Жаратман, конструктивдик жана уникалдуу идея жана демилгелерди чыгара турган реалдуу механизм болот. Себеби, долбоордо идеялардын таза таймашы болушуна жогорку шарттарды түзүү каралган. Дал ушул идеялардын таза жана туруктуу таймашы идея жана демилгелердин мыктыларынын пайда болушуна жана алдыга чыгышына себепкер болот.  

   Күчтүү аналитик жана иш билги адистерди пайда кыла турган реалдуу механизм болот. Бул үчүн долбоордо прогрессивдүү күчтөр ортосунда жогорку атаандаштыкты жаратуу каралган. Жогорку жана адилеттүү атаандаштык мыктылардын мыктысынын алдыга чыгышына, ошондой эле коомчулукта жаңы профессионалдуу атуулдардын пайда болушуна жол ачат. 

     Мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө жардам бере алган стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгууда коомдук интеллекти бириктирип жана эффективдүү колдоно турган реалдуу механизм болот. Бул үчүн долбоор алкагында атайын виртуалдык (медиа-портал) жана реалдуу аянтчалар уюштурулат. Ал жерлерде, коомчулук бирдикте стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгууга, ошондой эле коомдук маанилүү маселелер боюнча конкреттүү сунуштарды аныктоого мүмкүнчүлүк алышат.

    Коомчулуктун мамлекеттик маселелерди чечүүдө жаратмандык негизде катышуусуна шарт түзө турган реалдуу механизм болот. Себеби, долбоор мамлекеттик деңгээлдеги максаттарды көздөп, баардык атуулдардын катышуусуна шарт түзүп, мамлекет жана ар бир атуулга пайдалуу болгон конкреттүү жыйынтыктарга багытталган.

Долбоорду жогорудагы механизмдерге айландыруунун алгачкы кадамдары

    “Кыргызстандын Идеялык Картасы” долбоорун жогорудагы механизмдерге айландыруудагы конкреттүү иштер жана биринчи кадамдар төмөндөгүчө болот: 

Стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгуу

        Экономика жана мамлекеттик башкаруу багытындагы стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгуу долбоордун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгуу идея өндүрүүчүлөрдүн идея жана демилгелерин консолидациялоо аркылуу коомдук интеллектке таянуу менен мамлекеттик маанилүү маселелер боюнча конкреттүү сунуштарды берүүгө багытталган. Мына ошондуктан, бул багыт, бардык кызыкдар жергиликтүү идея өндүрүүчүлөргө стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгууга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги иш атайын түзүлгөн виртуалдык аянтта краудсорсинг процессин колдонуу менен жүргүзүлөт. Бул порталда тез жана терең талкуу болот, белгиленген темага баа берилет жана бул теманын алкагында негизги идея, демилгелер жаралат. Краудсорсинг- бул коомдук маанилүү маселелерди көптөгөн компетентүү инсандардын күчү менен чечүү болуп саналат. Алар өздөрүнүн иштерин информациялык технологиялардын жардамы менен координациялашат. Мындай инструмент, көпчүлүктүн  белгилүү билимдерин колдонууга, билинбегендерин сууруп чыгууга, ошондой эле баалуу идеяларды жана жөндөмдүү адамдарды таап чыгып жана өнүктүрүүдө кеңири колдонулат.   

     Краудсорсинг процесси конкреттүү пландын негизинде жүргүзүлөт. Катышуучулар кадам сайын белгиленген темадагы суроолор боюнча коллективдик пикирди жана көз карашты түзүшөт. Краудсорсингди уюштуруучулар тарабынан мыкты деп табылган катышуучулар (идеялары катышуучулар жана активдүү коноктор тарабынан жогорку колдоого ээ болгондор) документти же жол картасын түзүү боюнча жумушчу топко чакырылат.  

          Мына ошентип, кызыкдар болгон идея өндүрүүчүлөр, эч кандай чыгым жана көп убакыт коротпостон, бюрократиясыз стратегиялык документтерди жана жол карталарын иштеп чыгууга, прогрессивдүү идея жана демилгелердин чоң талкуусуна жана бааланышына катышууга, ошондой эле өзүнүн идеясын сунуштоого, ал боюнча башка эксперт, окумуштуу жана адистердин көз карашын жана талкуусун алууга мүмкүнчүлүк алат.

Прогрессивдүү идеяларды топтоо жана сүрөө

       Прогрессивдүү идеяларды топтоо экономика жана мамлекеттик башкаруу сыяктуу багыттардагы актуалдуу маселелер боюнча жергиликтүү идея жана демилге ээлеринин аналитикалык-изилдөөчүлүк иштерин чогултууга багытталган. Тактап айтканда, белгиленген маселелерди чечүүнүн жолдору туурасындагы оригиналдуу идеяларды топтоо болуп саналат. Максаты - практикалык жактан баалуу документтерди  иштеп чыгууга коомчулукту тартуу,  мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү изилдөөлөргө,  жергиликтүү идея жана демилгелерди өндүрүүчүлөрдү колдоого жана бул идея, демилгелерди алга сүрөөгө жол ачуу. Аналитикалык-изилдөөчүлүк иштерди топтоо конкурсттук негизде болот.  Ар бир кварталдын башында мыкты аналитикалык-изилдөөчүлүк иштер  боюнча конкурс жарыяланып, акырында  мыктылары аныкталат. Тандалган идеялар Эксперттик кеңеш жана катышуучулар тарабынан “эң жакшы” деп табылып, баалуу белектер менен сыйланып жана коомчулук арасында пропогандаланат. Тандалган жана сыйланган идеяларды же мыкты аналитикалык-изилдөөчүлүк иштерди сүрөө төмөнкүдөй негизде болот: 

-     Окумуштуулар, эксперттер, бизнесмендер, эл аралык уюмдар жана мамлекеттик институттардын өкүлдөрүнөн турган чоң аудиторияга ишин тааныштырууга;

-  Өзүнүн презентациялык видеосун атайын сайтыбызда жайгаштырууга жана анын негизинде коомчулукка угулуу жана таанылууга;

-  Өзүнүн ишин атайын түзүлгөн “Мыкты 7-идея” журналында басып чыгаруу, ошондой эле телепроекттерге катышууга мүмкүнчүлүк берүү.

            Мына ошентип, мыкты илимий иштерди адилеттүү тандоо, сыйлоо жана сүрөө идеялардын таймашына, прогрессивдүү күчтөрдүн атаандаштыгына жана коомдук интеллекти мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүү үчүн бириктирүүгө жол ачышы керек. Анын жыйынтыгында жаңы өзгөчө идеялар, алардын казынасы, ошондой эле прогрессивдүү күчтөр пайда болушу керек.

Жаратман демилгелерди топтоо жана ишке ашыруу

                Жаратман демилгелерди топтоо коомчулукту жаратмандык иштерге чакыруу жана үндөөгө, ошондой эле трайбализм, коррупция, тирешүү, радикализм сыяктуу терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө максатталган коомдук проекттерди чогултуу жана колдоо болуп саналат. Бул багытта ар кандай өзгөчө идея жана сунуштар  (социалдык роликтер, башка коомдук-маданий  иш-чаралар ж.б.у.с.) кабыл алынат. Мындай демилгелерди топтоо төмөндөгүлөргө максатталган:

  • коомчулуктун аң сезиминде жоопкерчилик, жаратмандык жана биримдик сезимдеринин калыптанышы;
  • мамлекетке жардам берүүнүн башка пайдалуу жолдору бар экендигин атуулдарыбыздын түшүнүшү;
  • терс көрүнүштөр менен күрөшүүдө жана прогрессивдүү-жаратман күчтөрдү колдоодо коомчулуктун жалпы аракетин бириктирүүгө.

          Жаратман демилгелерди топтоо жана ишке ашыруу ар кварталда төмөндөгүдөй багыттарда ишке ашып турат:

 Биринчи квартал – бул ишенич жана үмүттүн кварталы болуп, атуулдарыбызга келечекке жакшы ниет коюп, чечкиндүү кадам таштап, ишеним жана оптимизм менен кароосуна түрткү берүү. Бул үчүн  “Жакшы Ниет – Жарым Ырыс”  деген жалпы ураан астында керектүү иш-чаралар жүргүзүлөт.

Экинчи квартал – биримдик жана биригүү кварталы болуп,  “Желбиресин Биримдик Байрагы” деген жалпы ураан астында  атайын иш-чаралар жүргүзүлөт.  

Үчүнчү квартал – ишкердик маданиятты жайылтуу жана күчтөндүрүүгө багытталган. Бул квартал ичинде  “Байлык Эмгектен Жаралат”  деген жалпы ураан астында керектүү жана натыйжалуу иштер уюштурулат.

Төртүнчү квартал – бул атуулдарды жоопкерчиликке чакыруу жана аларды мамлекет астында жоопкерчилик алууга үндөө кварталы болуп саналат. Демек, бул кварталда “Жоопкерчиликтүү Эл – Күчтүү Мамлекет” деген жалпы ураан астында  атайын коомдук-маданий иш-чаралар ишке ашырылат.

Кийники жылдын биринчи кварталы – адилеттикти жана тазалыкты пропагандалоо, атуулдарды коомчулук астында чынчыл жана ак болууга чакырууга максатталган. Бул багытта,  “Тазалануу Өнүгүүнүн Башаты” деген жалпы ураан астында керектүү иш-чаралар уюштурулат.

               Демек, ар бир кварталда атайын багыттарда конкурс  уюштурулуп, өзгөчө жана натыйжалуу демилгелер тандалат. Демилгечилер “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” менен бирге демилгесин ишке ашыруу аркылуу мамлекеттүүлүктүн чыңдалышына салымын кошууга, калктын сыйына татууга, ошондой эле коомчулуктун астында атуулдук аракетин жана социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алат. 

           Конкурстук негизде жаратман демигелерди топтоо жана бирге ишке ашыруу төмөнкүдөй максаттарга жана жыйынтыктарга багытталган:

Биринчиден, демилгелер ортосундагы таза таймаш жана демилгечилер арасындагы жогорку атаандаштык процессин ишке киргизүү менен атуулдарыбыздын айкын жана жашыруун потенциалдарын, жөндөмдөрүн чыгаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле эң жакшы демилгелерди тандоо, топтоо жана ишке ашыруу, мындай демилгелердин сандыгын түзүү.

Экинчиден, мамлекеттин келечеги үчүн коомчулукта кызматашууу жана аракеттерди бириктирүү процессин ишке киргизүү аркылуу  өлкө үчүн бирге жана бир багытта иш алып барууну үйрөнүү, ошондой эле жаратман иштин тегерегинде Кыргызстандагы чынчыл күчтөрдүн энергия жана мүмкүнчүлүктөрүн консолидациялоого биринчи кадамды таштоо. 

Үчүнчүдөн, жарандык коомдун аракеттерин адилеттүү баалоо процессине жол ачуу менен мамлекеттеги чынчыл күчтөрдөн коомчулукка угулуусуна, таанылуусуна жана анын колдоосуна татышына мүмкүнчүлүк түзүү.

Механизмдердин ишке кириши жана башталчу процесстер

Биринчиден, идеялардын таза таймашы.  Идея жана демилгелерди тандоо, таануу, сыйлоо жана сүрөө булардын ортосундагы таймаштын андан ары курчушуна алып келип, мыкты идея жана демилгелердин пайда болушуна, ошондой эле алардын базасынын түзүлүшүнө себепкер болот.

Экинчиден, прогрессивдүү-жаратман күчтөр ортосундагы жогорку атаандаштык. Идеялар ортосундагы таймаш, адилеттүү баалоо, өз идеясынын мыкты аталышы үчүн болгон аракет идеячылар жана демилгечилер ортосунда атаандаштыкты жаратат. Качан идеялары жана демилгелери мыкты деп табылган күчтүүлөр өздөрүнүн идеялары үчүн баалу сыйлык алып, атайын уюштурулган форумдарда, жолугушууларда, веб-сайтта, жана телепроекттерде өздөрүнүн идеяларын тааныштыруу менен коомчулукка угулуу жана таанылуу мүмкүнчүлүгүн алышканда атаандаштык дагы да жогорулайт.     

       Жыйынтыгында, коомчулукта профессионалдуу жана өзгөчө инсандар, ошондой эле мындай чечкиндүү реформаторлор жана күчтүү аналитиктердин коому пайда боло баштайт.  Калк акырындык менен ар кандай саясий, диний, регионалдык жана улуттук маселелерди көтөрүп элдин колдоосуна татып жаткан жоопкерчиликсиз күчтөрдү эмес, жогорудагыдай прогрессивдүү-жаратман күчтөрдү уга жана колдой баштайт

Үчүнчүдөн, коомчулуктун коллективдик интеллектин мамлекеттин пайдасына колдонуу. Краудсорсинг, мыкты идея жана демилгелердин конкурсу коомдук пайдалуу продуктардын пайда болушуна алып келет. Алар, мамлекеттин орчундуу маселелерин чечүүгө жардам бере турган даяр стратегиялык документтер, жол карталары, аналитикалык-илимий иштер, жаратман идея жана демилгелер, ошондой эле алардын базасы.

Төртүнчүдөн, жарандык коомдун мамлекеттин өнүгүшүнө катышуусу.. Рынок экономикасынын негиздөөчүсү Адам Смит, капиталисттик экономикада адамдар жеке кызыкчылык жана максаттарынын аркасынан жүрүп, ошондой эле өздөрүнүн эмгектеринин жыйынтыктарын коомчулук тарабынан керектүү, зарыл жана мыкты деп табылышы үчүн жарышып жатып эле коомчулукка пайдалуу иштерди кылышат деген. Себеби алардын эмгегинин жыйынтыгы коомдук пайдалуу продукт болуп, коомчулукка дагы, ар бир атуулга дагы пайдалуу болуп саналат. Атаандаштыктын жогорулашы жана жеке кызыкчылык үчүн болгон таймаштын курчушу менен улам барган сайын коомго сунулган эмгек жыйынтыктары жакшыра берип, коомчулукка көбүрөөк пайда ала берет.

      Бул жерде дагы, краудсорсингдин, идея жана демилге жарыштарынын катышуучулары өздөрүнүн идеяларынын тандалышы, сыйланышы жана сүрөлүшү үчүн жарышып жатышып мыкты идеяларды иштеп чыгышат жана сунушташат. Муну менен өздөрүнө дагы жана коомго дагы пайдалуу иш жазашат.

Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары

          Жыйынтыкта «Кыргызстандын Идеялык Картасы» проекти кадимки эле жол көргөзгөн жана багыт берген «картага» айланып, мамлекеттин «акыл тиреги»  болушу керек. Себеби “Идеялык Карта”, бул:

  • Жаратмандыкка, биригүүгө, идеялык чоң бурулушка жана агартуучулукка алып баруучу жоопкерчиликтүү атуулдардын жолу;
  • Чечкиндүү реформатор, күчтүү аналитик, компетенттүү эксперт, профессионалдуу адис, активдүү жаштар жана демилгечилердин аянтчасы.
  • Көз карштардын жана идеялардын өнүгүшүнө, жаңы прогрессивдүү-жаратман күчтөрдүн пайда болушуна жол ача турган жогорку атаандаштык, конструктивдүү таймаш жана адилеттүү баалоо;
  • Прогрессивдүү идея, жаратман демилге, эффективдүү стратегиялык документтер, жол карталар жана конструктивдик сунуштардын базасы.
  • Илим жана мамлекеттик саясат, бийлик жана профессионалдуу адистер, прогрессивдүү күчтөр жана коомчулук ортосундагы көпүрө.
  • Мамлекет, ишкер, окумуштуу жана жаштар үчүн багыт жана жол көргөзүүчү компас.
  • Атуулдардын инновациялык жана новатордук потенциалдарын, чыгармачыл жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүчү, ошондой эле прогрессивдүү күчтөрдү жана жаратман идеяларды сүрөөчү жана колдоочу борбор.

​         Мына ошондуктан эгерде географиялык карта аркылуу кайсы жерде кандай тоо, тала же суу ж.б боло тургандыгын, кайсы жерге кантип бара тургандыгыбызды көрө турган болсок, Идеялык Карта аркылуу коомчулук кайсы жерде кандай идеялар чыгып жана топтолуп жатканын, кайсыл адамдар кандай идея жана демилгелерди көтөрүп жана ишке ашырып жатканын, кайсы жерде кандай талкуу аянтчалары, борборлор ж.б. жайгашканын, алар кандай иштеп жана бири-бири менен кандай байланышканын көрүүсү керек. Демек идеялык карта атамекендик идея жана демилге өндүрүүчүлөргө кантип өз идея жана демилгелерин алдыга жылдыруу, мамлекет жана коомчулук менен кантип байланыш куруу, жана кантип өз идея жана демилгеси аркылуу мамлекеттин өнүгүүсүнө салымын кошо ала тургандыгы туурасында так түшүнүк берүүсү керек.

           Идеялык карта коомчулук жана мамлекет үчүн топографиялык карта десек да болот. Ал стратегиялык документтердин жана прогрессивдүү идеялардын заводу жана идеологиялык азыгы болушу керек. Белгиленген маарага жетүү жана миссияны аткаруу үчүн “Идеялардын Картасы” конкреттүү жана түшүнүктүү документ болуп, мамлекет өз ишмердүүлүгүндө коомдун пикирине таянуусуна жардам берүүсү керек.

      «Идеялардын Картасы» геологиялык карта сыяктуу атуулдарыбыздын билинген жана билинбеген жашыруун интеллектуалдык, чыгармачылык жана башка жөндөм жана потенциалдарын изилдөөчү, чыгаруучу жана белгилеп көргөзүүчү карта болушу керек. Анын негизинде, геологиялык карта кайсы жерде кандай кендер орун алгандыгы жана алардын  санын, сапатын көргөзгөндөй “идеялардын картасы” мамлекетибизде кандай идея жана демилгелер кайсыл жерде жайгашкандыгын, алардын сапатын, жетүү жолдорун чагылдырып, өлкөбүздүн  илимий жана коомдук потенциалын көргөзүп турушу керек.   

Долбоордун келечеги.

             “Биз “Кыргызстандын Идеялык Картасын” түзөбүз” стратегиялык долбоору туруктуулук жана өнүгүү үчүн коомчулуктун мүмкүнчүлүк жана аракеттерин бириктире турган долбоор болуп саналат. Ал, Кыргызстандын Идеялык Картасын түзүүгө бардык кызыкдар тараптардын: мамлекеттик жана коомдук институттардын жана ошондой эле өлкөбүздүн жарандарынын катышуусун эске алган коомдук долбоорго айлануусу керек. Кыргызстандын Идеялык Картасы жалпы коомдун энчиси жана коомчулуктун жалпы аракеттеринин түшүмү болуп, коомдун кызыкчылыктарына жана күтүүлөрүнө төп келген, жалпы мамлекеттик максаттарды көздөгөн картага айлануусу керек.

         Келгиле, жапатырмак аракет жана биримдик аркылуу коомдогу кымгууттукту кууп чыгып, өлкөбүздү аймактагы алдыӊкы мамлекетке айландырабыз!

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо