Наверх
  • 0 (312) 620921

Фонддун концепциясы

ПРОГРЕССИВДҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕР ФОНДУНУН КОНЦЕПЦИЯСЫ

 


 1 Бап.   Негизги көйгөй!


      Биз коомдо биримдик, саясий элитада конструктивдүү күчтөрдүн жана өлкөдө идеялык тиректин  жоктугуна кабатырлануудабыз. Ошондой эле биздин саясий элита саясий күрөштөн башка альтернатива көрбөй жатканына капабыз.

         Эгемендүү болгонубузга 20 жылдан ашты, бирок мамлекетибиз дагы эле стратегиялык баш аламандык ичинде. Эл эмне кыларын, кимди ээрчирин билбей турганда саясатчылар абалды толук түшүнбөй, кыйынчылыктан чыгуу жолун таппай келүүдө.  Саясий элита ошол себептен бир гана өкмөттү алмаштырууну, конституцияны жана башкаруу формаларын өзгөртүүнү сунуштап келе жатат.  Бул өз кезегинде коомдогу кымгуут жана каршылыктарды апогеяга жеткирип, аймактык, диний, улуттук, социалдык жана идеологиялык жактан элдин бөлүнүүсүн күчөтүп келүүдө. Ар бир жаран, бирикме, партия көйгөйдү өздөрүнчө түшүнүп, өздөрүнчө чыгуу жолун көрсөтүп жатат. Эң коркунучтуусу ар бири өз ыкмасын гана туура деп эсептейт. Ошондунтан мындай көп чындыктан бир акыйкатты табуу кыйын болууда. Биз далилденбеген, анализделбеген нерселерди таңулоо жана каралоо жолу менен бийлик тизгинин талашууну адат кылып келе жатабыз. Ал эми бул нерселердин баары коомдогу кымгуутту жана карама-каршылыктарды ого бетер күчөтүүдө. Ошентип биз, баш көтөрбөй, бир орунда түрткүлөшүп турабыз.

      Эмне себептен экономика өнүкпөй жатат? Мамлекеттик аппарат максаттарына жете албай жатат? Эмнеге жалпы кызыкчылыкка, баалуулуктарга ээ болгон бирдиктүү коом жок? Эмнеге улуттук, аймактык, диний, политикалык жана социалдык карама-каршылыктар күч алып жатат? Эмнеге  саясий элита кризистен чыгуунун реалдуу жолдорун сунуштабайт?

           Бул суроолордун жаралышына жана негизги көйгөйлөргө төмөнкү нерселер себеп болууда:

          Саясий элита, деградацияга түшүп, элдин башын биритире албай жана ак дили менен эл үчүн иштей албай жатат.  Жыйырма жылдан бери саясий элита бир гана бөлүнүү жана жоопкерчиликсиздик идеологиясын таңуулап келди. Жылдан жылга саясий элита коомдо анархия, агрессия жана бөлүнүп жарылууну арттырып келе жатат. Ал коомго биримдик менен түшүнүү жана жаратмандык менен адилеттүүлүк идеологиясын жайып, сиңирте алган жок. Элита элди өзүнөн баш тарттырууда. Тилекке, каршы, элита өзүнүн алсыздыгын жана элди алып кете албастыгын далилдеди.

      Жалпылап айтканда, биз саясий элитанын арасында прогрессивдүү-конструктивдүү күчтүн жоктугуна жана чоң реформаларды жарата албагандыгына кабатыр болуудабыз. Мындай саясий элитанын таасиринен улам Кыргызстанда  регионализм, коррупция, дилентантизм жана жоопкерчиликсиздик менен менменсинүү  жайылып, мындай коомдо прогресивдүү-конструктивдүү күчтүн жаралышы өтө кыйын сезилет. Саясий элита саясий күрөштөн башка өнүгүүнүн альтернативалык жолун көрө албагандыгына абдан кабатырланабыз. Бардык саясий күчтөр оппонеттерин жок кылуу менен алек болуп, сапаттуу жана профессионалдуу түрдө кризистен чыгуу стратегияларын дайындоо аракеттери жок. Алардын энергия жана убактыларынын баары саясий күрөштөргө жумшалып жатат. Ошондуктан алар бийликке келгенде эмне кыларын билбей калышууда.  Саясатчылар саясий күрөштөрдү жүргүзүүгө даяр бирок, утулууга жана кризис менен күрөшүүгө даяр эмес.  Себеби, өлкөнүн меселелери менен тереңден күрөшүүгө даяр эмес адамдар саясий элитанын курамында десек жаңылышпайбыз. 

         Жалпы идеологиянын жоктугу,  көп сандагы майда иделогиялардын бардыгы элди бир канча топторго бөлүп жаткандыгы да өкүнтөт. Өзгөчө  алардын ар бири өз идеологиясына бекем. Мамлекет жалпы идеологияны сунуштамайынча мындай спекулятивдик ойлордун толкунуна эл бууланып жүрө берет. Эл идеялык тупикке келип такалып, ар бири өзүнүн психологиялык, адамдык сапаттарына жана билим деңгээлине жараша  ортодогу абалды чечип, андан чыга турган жолду таап жатат. Мындан сырткары эл идеялык көз карандылык абалга дуушар болуп, башка мамлекеттердин кеңешитерине кулак төшөп гана келе жатат. Чындыгында, жыйырма жылдык эгемендүүлүк ичинде чет өлкөлүк специалист жана эл аралык уюмдардын кеңешине, алардын акылына таянып жашадык жана реформаларды жасадык. Демек,  жалпы идеологиянын жоктугу элди чечкинсиз кылып идеялык туңгуюкка алып келди. Мамлекеттин келечеги чечиле турган мезгилде мунун баары чоң державалар үчүн геосаясий максаттарын жана «бөлүп, жарып, башкар» деген саясатты ишке ашырууга идеалдуу шарттарды түзүп жатат.

      Ошол себептүү биз өлкөдө идеялык тиректин, өз акыл казынабыздын жоктугуна да кабатырбыз. Күчтүү мамлекет өз келечегин өзү чечет жана өнүгүү жолун өзү табат. Бардык өлкө мындай сапатка ээ боло албайт. Бирок, кимде ким  бул кыйын ишти жасаган болсо, ошол өлкө гүлдөгөн өлкө болот.  Малайзия, Сингапур жана башка өлкөлөр да мына ушундай кадамга барып, кайсы жол менен кандай өнүгөрүн өздөрү чечишкен. Өз акылын иштетпеген, башкалардын акылына таянган эл эч качан күчтүү мамлекет кура албайт. Элдин акылы өлкөнүн акыл казынасы, идеялык тиреги болушу керек. Күчтүү армия, өнүккөн экономика, кубаттуу бийлик эмес, дайым өнүгүп, толукталып турган акыл казына элге прогрессивдик-жаратман идея жана демилгелерди сунуштап олтуруп, күчтүү мамлекет куруунун негизги шарты болуп саналат.  Ушул жол менен учурунда мусулман мамлекеттери күчтүү державаларды кура алган болсо, азыркы кезде батыш дүйнөсү ушул жолдо чоң-чоң кадамдарды таштап келе жатат.

      Өз  акыл казынабыздын болушу жалпы улуу идеологиянын негизделишине, анын заман менен кошо жаңыланып туруусуна себепкер болот. Бул өз учурунда коомду идеялык тупиктен чыгарып, ал эми мамлекетти стратегиялык баш аламандыкка куткарат.         

         Эл, иллюзия менен жашап, кереметти күтүп келет. Ал керемет бир заматта мекенибиздеги маселелерди чечип, өлкөнү гүлдөтүп жиберет деп ишенич. Чындыгында, калктын калың катмары Улуу Реформатор гениалдуу идеялары менен чыгып, баардык кыйынчылыкты жок кылат деп үмүттөнөт. Бирок элдин колдоосу гана улуу реформаторлорду жаратарын эл өзү толук  түшүнбөй жатат. Ошондой эле гениалдуу идея – элдин колдоосу менен аткарылган идея экенин да аңдай элек.  Күтүлгөн керемет жалпы аракет, эмгектин биримдигинен жаралып, бир багытка багыштоодон келерин эл толук түшүнө албай жатат. Керемет качан эл ак менен караны, чындык менен жалганды айырып билгенде, улут, аймак, дин боюнча бөлүнбөй, туура жана адилеттүү чечим жасай алганда гана келет. Тактап айтканда, биз, дагы эле биримдик жана ынтымак кереметти жарата турганын түшүнө элекпиз. Ошондо бул биримдик татыктуу жана жоопкерчиликтүү жарандардын жаратуучу демилгелери менен прогрессивдүү идеяларын көтөрмөлөп, колдооп чыгат.

       Жалпылап айтканда, бизди коомдогу биримдиктин жана улуттук аң-сезимдин жоктугу кабатыр кылат! Аймактык бөлүнүү жоюлганда гана компетенттүү, күчтүү бийлик түзүлөт, ошондо гана бийликтин ишмердүүлүгүн объективдүү, адилеттүү түрдө сындоо орундалат жана  коомдон өзүнөн өзү кымгуут, каршылык сүрүлүп чыгат. Бөлүнүүнү жойгондо гана биз эл аралык уюмдар жана күчтүү мамлекеттердин өз кызыкчылыктары үчүн бизди колдонуусун токтото алабыз. Бириккенде гана бийликтин тизгини бул же тигил аймактын колунда деген түшүнүк жоголот. Дагы бир жолу кайталагыбыз келет, идея, акыл, энергия жана аракеттерибизди бирге топтоо менен гана Кыргызстанды өзгөртө алабыз. Биз өзүбүздү улут катары сактап калуу максатында жана өнүгүп өсүү муктаждыгында бардык идея жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирүүбүз зарыл!

          Кыргызстанды биримдик деп күйгөн, туура жана адилеттүү чечимдерди кабыл алган «жоопкерчиликтүү эл» гана куткара алат.

 

 

Бап. Фонддун ишмердүүлүгү!

                 Фонд өз максатына жетүү үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтер, жаштардын жана коомдук бирикмелер, ошондой эле эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташмакчы. Биздин ишмердүүлүгүбүз прогрессивдүү, жаратман идея жана демилгелердин чыгышына, аларды колдоого, өнүктүрүүгө, аны менен бирге жаштардын энергия жана аракеттерин бириктирүүгө багытталат. Биз прогрессивдүү, жаратман идея жана демилгелерди жайылтуу жана жаңыртуу  борбору болуп, илим жана саясаттын, бийлик жана мыкты адистердин, үлгүлүү элита жана жоопкерчиликтүү калктын ортосундагы көпүрө, ошол эле учурда прогрессивдүү жаратмандык идея жана демилгелерди баалоо жана дискуссия кылуучу борбор болобуз. 

 


           1 - Бөлүм.  Фонддун миссиясы!

           Биз күчтүү мамлекетти жарата турган жана аны өнүктүрө турган шарттар төмөнкүлөр деп эсептейбиз:

       Үлгүлүү  элита - жаратман демилгелери жана прогрессивдүү идеялары бар, элдин жана өлкөнүн тагдырына жоопкерчиликтүү болгон, мамлекеттин гүлдөшү үчүн бириге алган, бирге иштей турган энергиялуу, кайраттуу реформаторлордун, аналитик жана ишин мыкты билген иштермандардын коому;    

       Улуу идеология жана эффективдүү өнүгүү стратегиялары - өлкөнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алган, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн, калктын калың катмарынын талаптарына жана каалоолруна төп келген;

        Жоопкерчиликтүү эл - бир идеологиянын тегерегинде топтолуп, адилеттүү баалап жана туура чечим кабыл ала алган, ошондой эле  мыкты иштермандар менен реформаторлордун командасын колдой турган атуулдар.

          Биздин миссия – Үлгүлүү  элита, Улуу идеология жана Жоопкерчиликтүү элди түзүү жана анын биримдигине салым кошуу!!

 


             2 - Бөлүм.  Фонддун максаттары!

         Биздин миссиябыз толук аткарылышына ишенебиз жана аны менен бирге төмөнкү максаттарды да орундатууга аракет кылабыз:

       Үлгүлүү элитаны түзөбүз! Бул жаш реформаторлордун, аналитиктердин жана мыкты адистерин коомдорун түзүү аркылуу ишке ашат!

             Улуу идеологияны түзөбүз! Бул мамлекеттин өз акыл казынасын куруу жолу менен ишке ашат!

    Жоопкерчиликтүү элди курабыз! Бул жоопкерчиликтин эмне экенин пропагандалоо менен мекендештерди тарбиялоо жолу аркылуу ишке ашат!

         Тактап айтканда,  биздин энергия жана аракеттерибиздин баары жаратмандык жана прогрессивдүү идея, демилгелерди консолидациялоого, колдоого жана өнүктүрүүгө жумшалат. Бул жолдо жаштардын энергия жана аракеттерин бириктирүү үчүн:

  • мамлекеттин акыл казынасын куруу жана идеялык вакуумду прогрессивдүү, жаратмандык демилгелер менен толтуруу керек. Ал акыл казына өз кезегинде стратегиялык баш аламандык жана идеологиялык айкынсыздыкты жоёт жана өлкөнү идеялык көз карандылыгынан чыгарат;
  • реформаторлордун жана аналитиктердин коомун түзүү керек. Алар өз кезегинде конструктивдүү ой жүгүртүү менен прогрессивдүү идеяларды жаратышат жана элди биримдикте ак дили менен иштөөгө түртөт;
  • Кыргызстандын жаштарын бириктирүү жана жоопкерчиликти пропагандалоо менен мыкты жаш мекендештерди тарбиялап чыгуу керек.    

         3 - Бөлүм.  Фонддун принциптери!

Патриотизм – биз маңкуртчулукка жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, мамлекеттик тилине, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамиле жасоого  каршыбыз.  Тескерисинче, бул баалуулуктарды сактап жана өнүктүрүүгө салым кошкон иш аракеттерди колдойбуз!

Жаратмандык ишмердүүлүк – биз регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарына, кыйратуучу ойлорго каршыбыз. Тескерисинче, элди ынтымакка чакырган, коомду жаратуучу ишмердүүлүккө түрткөн прогрессивдүү идея жана демилгелерди колдойбуз!

 Конструктивдүүлүк – биз максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршыбыз. Жаңы нерсени жаратуучу биримдикти жана пайдалуу, таза конкуренцияны колдойбуз!  

Объективдүүлүк –  биз каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттардан алыспыз. Биз объективдүү идея, проект, маалымат, критика жана сунуштарды колдойбуз!  

Профессионалдуулук  жана акыл-эстүүлүк – биз  дилетантизм жана караңгы ойлорго каршыбыз. Ишин мыкты билип аткарган жана акыл-эске таянган иш аракеттерди колдойбуз!

Нейтралдуулук – биз  оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыспыз.   Кыргызстандын келечеги үчүн баары менен бирдей иштешүүгө даярбыз!


       4 - Бөлүм.  Фонддун ролу!

   Өз акыл казынабызды курууда б.а. өлкөнүн улуу идеологиясынын түзүлүшүндө Фонддун ролу кандай?

  Биз энергиялуу, прогрессивдүү ойлонгон, жоопкерчиликтүү мекендештерибиздин ой пикирлери, маалыматтары жана көз караштары  менен бөлүшкөн, өлкөнүн  акыл казынасын түзүүсүнө ушул эле жарандардын катышуусун камсыз кылган жана жаш реформатор менен мыкты адистердин командасын түзө турган өзгөчө аянтча болобуз

      Реформаторлордун муунун жана мыкты адистерди даярдоодо б.а. үлгүлүү элитаны курууда Фонддун ролу кандай? 

     Биз прогрессивдүү жана жаратмандык демилгелери бар жоопкерчиликтүү мекендештерибизди  колдоо, пропогандалоо менен алардын жаштарга үлгү, элге үмүт, элдин намысы боло тургандай  үлгүлүү элита кылып өстүрүү максатын көздөгөн борбор болобуз. Ошондо гана жаштардын арасында ушундай элитадай кадыр барктуу, билимдүү болуу кыялы пайда болот. Ал эми эл арасында радикализм, улутчулдук,  регионализм жана көчөдө кыйкыруу эмес, энергиялуу, прогрессивдүү жана жаратуучу күч өлкөнү кризистен чыгарат деген иишенич болот.

    Коомдун жана жаштардын акыл-эсинде революция жасоодо б.а. жоопкерчиликтүү элди курууда Фонддун ролу кандай?

   Биз илим менен саясаттын, бийлик менен профессионалдуу адистердин,  үлгүлүү элита менен жоопкерчиликтүү элдин ортосундагы көпүрө болобуз. Мамлекеттик саясат эффективдүү иштеп, мамлекеттик ишчилер профессионалдуулукка жетип, эл утурумдук материалдык сыйлыктар менен алдаган элитаны эмес, чыныгы үлгүлүү элитаны колдоосу үчүн алардын аң сезиминде төңкөрүш жасайбыз.

5- Бөлүм.  Фонддун жолу жана ыкмалары!

       Фонддун жолу:

Биз,  элдин келечеги үчүн максатыбызды жана жаш кадрларды колдоого, биз менен бирге болууга чакырабыз!

Биз, эч кандай партия, бирикме же бир компаниянын өкүлү эмеспиз, биз саясий же экономикалык кызыкчылыктарды көздөбөйбүз, бир гана элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына иштейбиз!

Биз өлкөбүздүн өзгө акыл же кеңештерине таянуусун каалабайбыз, жергиликтүү кадрлардын жана адистердин мүмкүнчүлүк, патенциалына таянуусун, элдин өз акыл казынасынын болуусун каалайбыз!

       Фонддун иш алып баруу ыкмалары:

- ар кандай семинар, конференция, форум жана атайын кезигишүүлөрдү уюштуруу менен адилеттүү, конкуренттүү чөйрө түзүү. Бул чөйрө идеялардын ортосунда конструктивдик таймашты жаратып, жаңы улуу идеялардын пайда болуусуна түртмөкчү;

- «медиа-центрды» куруу менен профессионалдуу, жоопкерчиликтүү мекендештерден түшө турган прогрессивдүү жана жаратман идеяларды жайылтуу жана аларга элдин сынын, ошону менен эле колдоосун камсыздоо. Натыйжада, алар элдин ишенимине кирип, жалпы калайык калк тарабынан таанылат;

- ар кандай фонд жана колдоо борборлорун уюштуруу менен жалпы элдин аракетин жана прогрессивдүү, жаңы нерсе жаратуучу идеялар менен демилгелерди бириктирүүгө салым кошуу;

- фонддун өзүнө тиешелүү мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө максатталган изилдөө жана анализдөө иш аракеттерин жүргүзүү менен мамлекеттин жаркын келечегине башка альтернативалык жолдорду сунуштоо;

- ар кандай коомдук иш чараларды уюштуруу менен жалпы элди жоопкерчиликке чакыруу. Өз мекенине жан өз келечегине жооптуу мамиледе болуусуна, эмгекчил, адилеттүү, эли жерин жана тынчтыкты сүйгөн мекенчилдерден болуусуна түрткү болуу.

Бул ыкмалардын баары коомдук жана экономикалык багыттагы «Кыргызстандын Идеялык Картасы» деген проекттин алкагында колдонулат


         6 - Бөлүм. Фонддун өзгөчөлүгү!

            Биз бул Фондду коомубуздагы келечектүү туруктуулук жана прогресстин символу болот деген үмүт менен түзүүдөбүз. Биз болгон күчүбүздү Фондду ушул статуска жетүүсү үчүн жумшайбыз. Ошондуктан биз көп, аз жана орто мөөнөттүү приоритеттерди белгилегенбиз.

           Алдын ала шарттарды дайындоо – аз мөөнөттүк приоритетке кирет. Бул убакыттын ичинде Фонд өз ишмердүүлүгүнүн негизги базасын курууга,  милдеттерин аткаруунун механизм жана инструменттерин тактоого, эң маанилүүсү мамлекеттеги болгон прогрессивдүү жаратман күчтөр менен байланыш түзүүгө жетишиши керек.

          Ишенимге кирип, коомдун жана мамлекеттик бийликтин колдоосуна ээ болуу -  бул орто мөөнөттүк приоритеттерге кирет. Бул стадияда Фонд эки милдетти аткарууга: биринчиден, саясий уюм катары эмес, жаратуучу иш аракеттерге түрткөн коомдук инстититут катары элдин жана бийликтин ишенимине кирүү; экинчиден, бизди коомдук интелектуалдык институт катары элдин жана бийликтин таануусу б.а терең анализделген маалымат, конкреттүү идея жана демилгелерди сунуштоо менен коомдо кадыр-баркка ээ болуу.  

          Прогрессивдүү, жаратман идея жана демилгелердин фабрикасы позициясына ээ болуу -  биздин узак мөөнөттүк приоритеттерибиз болуп саналат.


3 - Бөлум.  Биздин сунуш!

       «Кыргызстандын Идеялык Картасы» аттуу коомдук проекти баштоо зарылчылыгы турат. Бул проект Кыргызстандын жана жаштардын прогрессивдүү, жаратмандык идея жана демилгелеринин консалидациясынан келип чыккан натыйжа болууга тийиш. Ошол себептен, бул проект жалпы коомдун энчиси болуп, мамлекеттик саясатка жол көрсөтүүчү карта болууга, чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлор үчүн ориентир катары кызмат кылууга тийиш. Эң негизгиси коомдун аң-сезимине жол көрсөткүч маяк болуусу абзел. Кыргызстандын улуттук сыймыгы болуп, Борбордук Азия аймагында идеялык бурулушка мүмкүнчүлүк берген тирек болот деп ишенебиз. Мунун баары коомдун ар бир мүчөсүнүн, жаштардын, илим жана бизнес жаатындагы атуулдардын, саясий элитанын жана эл менен бийликтин жалпы  аракети менен орундалат.


 

Негизги максатыбызга жетүүнүн куралы – Кыргызстандын идеялык картасын түзө турган коомдук-экономикалык «Кыргызстандын Идеялык Картасы» аттуу проекти ишке ашыруу болуп саналат.  Ал жогоруда айтылгандай, мамлекеттик саясатка жол көрсөткүч, чет өлкөлүк жана жергиликтүү бизнесмендерге ориентир  жана коомдун аң сезимине нур болот.

«Кыргызстандын Идеялык Картасы»  – аналитикалык, идеялык документ катары төмөнкү иштерге база болмокчу:

-  өлкөнүн мүмкүнчүлүк, перспектива жана абалы тууралуу так маалымат берүүчү булак;

- терең изилденип, анализделген концепциялардын, стратегиялардын жана конкреттүү проекттердин колдоп,  өнүгүүсүнө жардам берген база;

-  ар түркүн изилдөөлөр жана эксперттик чечимдер сактала турган акыл сандык.

    Картанын конструкциясы төрт негизден турат: күчтүү, бардык маанилеринде көз карандысыз болгон идеологиялык негизден; өлкөнүн  реалдуу абалы жана мүмкүнчүлүктөрүнөн; өнүгүүнүн иштелип чыккан концепция жана проекттеринен; келечек перспективалардан турат.

Принципиалдык шарттар        идеялык картанын идеологиялык негизи кандай болуш керек:

- мамлекеттүүлүктү сактоодо бийлик органдарынын маанисин жана милдетин так аныктоосу, коомдогу стабилдүүлүк менен биримдүүлүктү камсыз кылуусу, дүйнөлүк аренада өз кызыкчылыгын сактай алган күчтүү малекет болу үчүн конкуренттүү экономикасын түзүүсү керек;

-  белгилүү бир экономикалык системаны куруу жана анын принцип, критерий жана инструменттерин аныктоо зарыл;

-  өнүккөн, бирдиктүү коом болуунун жолдорун, ыкмаларын жана принциптерин көрсөтүүсү зарыл;

-   мамлекетибизди сактап калуунун жолдорун методдорун тактоосу зарыл. 

Мониторинг             өлкөнүн  реалдуу абалы жана мүмкүнчүлүктөрү кандай болуш керек:

- Мамлекеттин,  бизнес жана илимий чөйрөнүн реалдууу социалдык –экономикалык жана институттук организациялык  абалын жана коомчулуктун социалдык, нравалык абалдарын анализ кылуу, туура, так көрсөтүү зарыл;

- Мамлекеттин институттук башкаруучу, илимий-изилдөө, финансылык, инфраструктуралык,  ресурстук жана иш менен кадр мүмкүнчүлүктөрүн баалоосу зарыл;

- Кыргызстандын Борбордук Азия аймагындагы өзгөчөлүк, артыкчылыктарын баалоосу абзел.

Стратегиялар           өнүгүүнүн иштелип чыккан концепция жана проекттери:

-  Өлкөнүн абалын жакшыртуу максатында мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн, патенциал жана артыкчылыгын эске алып ар кандай концепция, проекттерди сунуштоосу зарыл;

-  Ошондой эле ошол эле патенциалды да өнүктүрүүчү концепция жана проекттерди түзүүсү керек.  

Перспективалар             келечек  перспективалар:

- Божомолдоо жана пландоонун ар кандай методдоруна таянып, аналитикалык ой менен мамлекеттин перспективасына тиешелүү концепцияларды алып чыгуусу зарыл.  Тактап айтканда, өлкөнүн абалын кантип өзгөртөбүз жана келечекте бул мамлекеттин өнүгүүсүнө кантип таасирин тийгизет деген суроого жооп табышы керек. Борбордук Азия жана дүйнөлүк аренада кандай өзгөрүштөр болушу мүмкүн жана алардын биздин өлкөгө болгон таасирин да алдын ала баамдап, бул өзгөрүштөргө даярдык көрүүсү зарыл. 

Идеялык картаны түзүү кандай натыйжаларды алып келет?

Идеялык карта биринчи кезекте идеялык вакуум-боштукту толтуруп,  өлкөнү идеялык тупиктен алып чыгарат. 

Кыргызстандын идеялык картасы илим адамдарынын же мыкты адистердин көз караштарынын жыйнагы эмес, ал өлкөнү идеялык тупиктен чыгарып кетүүчү аналитикалык идеялык документ. Документте камтылган идея жана демилгелер коомдогу жана бийликтеги маселелерге жооп бермекчи. Эгер жогоруда айтылган максаттарыбыз орундалса, анда бул карта мамлекеттин жана бизнес чөйрөнүн аң-сезимин өзгөртмөкчү. Мамлекеттик саясат эффективдүү болмокчу (себеби, идеялык карта анын ролун, милдеттерин жана улам алмашып турган шарттарда кантип өнүгүүнүн жолдорун так аныктап берет), ал эми бизнес чөйрөсү ишенимдүүлүк жана туруктуулукка ээ болмокчу (себеби, идеялык карта аларга далилдүү маалыматтарга негизделген пландарын түзүүгө шарт түзөт). Мындан сырткары, идеялык карта жаштардын ой-жүгүртүүсүнө өз таасирин сөзсүз тийгизип, интеллектуалдуу жаштар өздөрүн коомго протест же саясий кыймыл менен эмес, жаратуучулук сапаттары менен таанылат. Бул өз кезегинде мамлекеттин өсүүсүнө негиз болот. Коом ар кандай  дилетанттарга жана саясатчыларга ишенбейт, аны менен коомдогу кымгуут жоголот.

 

Идеялык картанын түзүлүшү эл аралык уюмдардын, чет өлкөлөрдүн, эң маанилүүсү чет өлкөлүк инвесторлордун биздин элге жана Кыргыз Республикасынын бийлигине башкача көз караш менен мамиле жасоосуна түртөт; 

Себеби, идеялык карта Кыргыз элинин, жеринин так аныкталган, изилденип далилденген маалыматтарын алып чыкканда чет өлкөлүк инвесторлордун көз алдында мамлекеттин келечеги тууралуу белгисиздик туманы тарап, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү тууралуу көп маалыматтарды ала алышат. Мындай системалуу документтин болушу, ал инвесторлордун Кыргыз жерине (бийлигине) болгон мамилесин түп тамырынан өзгөртөт.  

 

Идеялык карта “Кыргыз кереметинин” өзү болушу мүмкүн; 

Батыштын жана Азиянын “мамлекеттик бакубатчылыкка” жетишкен  өлкөлөрүнүн негизги сыры - эч кимде жок нерсени ойлоп таап, аны ишке ашыруу. Тактап айтканда, алардын негизги булагы өзгөчө идея болгон. Мисалы, индикативдик пландоо идеясы  Японияны чоң бийиктиктерге алып келген. Демек, Японияда ошол мезгилде мамлекеттин аракеттери менен бизнес чөйрөсүн жана интелегенцияны бириктирүү зарылчылыгы турган (бул ийгиликтин ачкычы болгон), ал эми социалдык багыттагы рынок экономика идеясы  Германияга туура келген. Демек,  Германия коомунун өсүүсүнө ушул ыкма керек болуп турган (ушунда алардын ийгилик ачкычы жаткан.) Мындай мисалдардын бир нечесин келтирүү мүмкүн, бирок айтыла турган негизги ой  Кыргызстандын идеялык картасын түзүү идеясы биздин ийгиликтин ачкычы болушу мүмкүн.   

 

Идеялык картанын дагы бир артыкчылыгы, ал коомдун бардык аракетин бириктирип, жаштардын аң-сезиминде төңкөрүш жасай алат жана алардын өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу мамилесин башка нукка бура алат;

Идеялык картаны түзүү процессинин өзү эле абдан  уникалдуу. Биз идеялык боштукту толтуруу менен гана чектелбестен, бардык аракет, мүмкүнчүлүктөрдү бириктире алабыз.  Себеби, ой пикирлер, так маалыматтар менен  бөлүшүү жалпы баалуулуктарга жана кызыкчылыктарга ээ болууга алып келет эмеспи.

Демек, идеялык картаны түзүү Кыргызстанга Борбордук Азия аймагында идеялык чоң секирик жасоого түрткү берет. 

 

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо