Наверх
  • 0 (312) 620921

Кыргызстандын Жаш Элитасы

«АК ДИЛ» АЙКӨЛДYК КЫЙМЫЛЫНЫН ЖОБОСУ

Айкөлдүк кыймылынын негизги миссиясы – өлкөнүн ар түрдүү объекттерине жардам берүү жана кайрымдуулук максатында жаш ыктыярчыларды активдүү, кайыр-садагага жана социалдык тармакка арналган жаратман демилгелерге чакыруу жана мындай ишмердүүлүктү жайылтуу.

«АК ДИЛ» АЙКӨЛДYК КЫЙМЫЛЫНЫН

ПРОГРАММАСЫ

 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

«Ак Дил» айкөлдүк кыймылы жаш ахлак-адептүү жаштардан турган  командалардын масштабдуу коомдук акцияларды ишке ашыруусу үчүн, өлкөнүн баардык жаш патриотторун, активисттерин жана энтузиасттарын жаратман күчкө чакыруу максатындагы Прогрессивдүү Демилгелер Фондусунун улуттук программасы болуп саналат.

«Ак Дил» айкөлдүк кыймылы шаар, айыл жергеси, уюмдарга, жетишпеген жарандарга, айлана-чөйрөгө ж.б. муктаж адамдарга акысыз жардам берүү үчүн, жаш патриоттордун, активисттердин жана энтузиасттардын  өз эрки менен бириккен кыймылы жана социалдык жактан маанилүү ишкердик болуп эсептелет.

Айкөлдүк кыймылы бир нече автономдуу уячалардан турат. Алар өз ишкердигин өз алдынча жана  башка командалар менен бирликте масштабдуу иш-чараларды жана акцияларды үшөт.

Өз ишмердүүлгүндө айкөлдүк кыймылынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ыктыярдуулук боюнча дүйнөлүк декларациясына (2001ж. ) жана бул программанын мыйзамдарына таянышат.

Айкөлдүк кыймылынын мүчөлөрү белгиленген иш-чараларга өз эрки менен катышышат.


1. КЫЙМЫЛДЫН МИССИЯСЫ

Айкөлдүк кыймылынын негизги миссиясы – өлкөнүн ар түрдүү объекттерине жардам берүү  жана кайрымдуулук максатында жаш  ыктыярчыларды активдүү, кайыр-садагага жана социалдык тармакка арналган жаратман демилгелерге чакыруу жана мындай ишмердүүлүктү  жайылтуу.


2. КЫЙМЫЛДЫН МАКСАТТАРЫ

Айкөлдүк кыймылынын негизги максаттары – күчтүү айкөлдүк кыймылын түзүү жана аны бекемдөө. Демек:

2.1. өлкөнүн бардык жаш айкөлдөрүн бириктирүү жана күчтүү айкөлдүк кыймылын түзүү;

2.2. ыктырярдуулук идеясын пропагандалоо жана жайылтуу, кыймылдын мүчөлөрүн көбөйтүү;

2.3. коомдо күйүмдүүлүк жана өз ара жардамдашуу сезимдерин күчөтүү максатындагы акцияларды жана башка иш-чараларды ишке ашыруу.


3. КЫЙМЫЛДЫН МИЛДЕТТЕРИ

Айкөлдүк кыймылынын миссиясын жана коюлган максаттарды ишке ашырыш үчүн, Фонд жана кыймылдын бардык командалары төмөнкү милдеттерди аткаруусу зарыл:

3.1. Ар бир жогорку окуу жайда, мектепте, колледжде, техникумда ж.б. мекемелерде айкөлдүк командаларын түзүү;

3.2. Алдыда турган ишчараларды, акцияларды аныктоо жана пландаштыруу;

3.3. Айкөлдүк кыймылынын эң активдүү жана мыкты катышуучуларын таап көрсөтүү жана алардын социалдык активдүүлүн баалоо менен сыйлоо;

3.4.Айкөлдүк командаларына дем берүү : Фонд жана башка айкөлдүк командалары менен бирге масштабдуу кайрымдуулук жана жаратман акцияларын жүргүзүү;

3.5. Айкөлдүк кыймылына жаш жарандардан жана студенттерден жаңы катышуучуларды тартуу; улуу муундардын тажрыйбасын жана билимин колдонуу;

3.6.Айкөлдүк кыймылын пропагандалоо жана жаш муунда патриотизм жана активдүү атуулдук позициясын түзүү үчүн маалыматтык-түшүндүрүүчү жана агитация иштерин жүргүзүү.


4. АЙКӨЛДYК КЫЙМЫЛЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Айкөлдүк кыймылынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бул программада белгиленген, кыймылдын миссиясы жана милдеттери аныкталган.

Айкөлдүк кыймылынын иш-чаранын жана акциянын түрүнө байланыштуу классификацияланган  бир нече ишмердүүлүк багыттары бар.

4.1. Коомдогу терс көрүнүштөрдүн профилактикасы – бул өлкөнүн Жогорку окуу жайларында жана мектептеринде ыктыярчылар өткөзгөн профилактикалык жана маалыматтык – агартуучу тренигтерди, сабактарды өткөзүүсү. Бул багыттын негизги максаты – жаштардын арасында жооптуу жашоону пропагандалоо жана жайылтуу. Ушундай иш – чаралар тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтык колдоосу жана макулдугу менен  өткөрүлөт, алар төмөндөгүдөй бөлүнөт:

       4.1.1. Ички иштер Министрлиги жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргелешип өткөрүлгөн профилактикалык жана агартуучу тренингдер;

       4.1.2. Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип өткөрүлгөн профилактикалык жана агартуучу тренингдер

       4.1.3. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргелешип өткөрүлгөн профилактикалык жана агартуучу тренингдер;

      4.1.4. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Дин боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргелешип өткөрүлгөн профилактикалык жана агартуучу тренингдер.

4.2. Кайрымдуулук жана гуманитардык акциялар -улгайып калган жарандарга, майыптарга, жетимдерге жана табигый кырсык жана оор кырдаалдардан (табият кубулуштары, жаңжалдар, революциялар, ж.б.) жапа чеккендерге материалдык жана моралдык, психологиялык жардам берүүгө багытталган акциялар. Бул акциялардын максаттары – коомдун арасында боорукердик жана ынтымактуулук идеяларын пропагандалоо, муктаж болгон жарандарга чоң колдоо көрсөтүү үчүн жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү жана кыйналган атуулдарга үзгүлтүксүз, системалуу түрдө жардам берүү механизмин түзүү жана коомго сиңиртүү.

4.3.    Идеологиялык жана патриоттук акциялар – мамлекеттик мыйзамдарды, тилди, тарыхты жана маданиятты кадырлоону пропагандалоого, жаштар арасында биримдик, ынтымак сезимдерин жана  туруктуулук, ак ниеттик, адилеттүүлүк жана боорукердик принциптерин жайылтууга  багытталган акциялар. Бул иш-чаралар уюштуруу жана каржылоо ыкмаларына байланыштуу төмөнкү багыттарга бөлүнөт:

    4.3.1. Акциялар – айкөлдүк командалары жана Фонд бекиткен атайын календардык план боюнча ай сайын болуучу, ыктыярчылардын жөндөмдүүлүгүн, таланттарын жана демилгелерин арттыруучу, өлкөнүн жана коомдун берекелүү турмушу үчүн бул жөндөмдөрүн пайдаланууга шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү акциялар.

    4.3.2. Социалдык буйрутма  - бул мамлекетүүлүктү жана элдин биримдигин бекемдөөгө багытталган патриоттук жана жаратман акцияларды өткөрүү үчүн  кыймыл тарабынан мамлекеттик мекемелерге, бейөкмөт уюмдарга жардам берүү болуп эсептелет. Бул колдоону кыймыл, миссияга жана милдеттерге каршы келбей, өз мүмкүнчүлүгүнүн жана укутарынын чегинде аткарат.

      4.3.3. Айкөлдүк кыймылынын атайын дружинасы – бул өзгөчө кырдаалдарда, өлкөнү тынчтык, тартип менен камсыздоо үчүн масшабдуу жаңжалдарды, мародердук фактыларды алдын ала сактап калуу үчүн куралдуу күчтөргө жардам көрсөтүүчү топ. Бул максатты ишке ашыруу үчүн, кыска мөөнөттө мобилизацияланып, жарандардын коопсуздугун жана өлкөнүн бүтүндүгүн камсыздоо үчүн  куралдуу күчтөргө жардам бергенге,  дайыма даяр жана иштей турган, жаш жана ыктыярчылар дружинасынын борбору  уюштурулат.

4.4. Жарандарды  маалыматтык – билим берүү багытынан колдоо  - жарандарга керектүү кошумча маалымат жана билим берүүгө багытталган колдоо.  Мындай иш-чаралар «Билимиңер менен бөлүшкүлө, башкаларга жардам бергиле!» деген лозунг менен өтөт. Иш-чаралар милдеттерине жана уюштуруу ыкмаларына байланыштуу төмөнкү багыттарга бөлүнөт:

    4.4.1. Бүтүрүүчү окуучуларгө маалыматтык колдоо көрсөтүү –бул алыскы айылдардын бүтүрүүчү окуучулары менен атайын жолугушуулар. Окуучуларга  кесипти туура тандоо үчүн, ал жолугушууда азыркы заманда көп талап кылынган кесиптер жана университеттер жөнүндө маалыматтар берилет;

    4.4.2. Жаштарга маалымат жана билим берүү – кыймылдын айкөлдөрү өлкөнүн жарандарына кошумча сабак жана маалымат берүү үчүн билим берүү тренингдерин уюштуруусу. «Ак Дил» кыймылынын мүчөлөрүн даярдоо үчүн эл аралык организациялар, башка кыймылдар менен кызматташып жана ыктыярчыларды, мугалимдерди, тренерлерди тартуу жолу менен ишке ашат. Даярдоодон өткөн айкөлдүк кыймылынын ыктыярчылары алган билими менен милдеттүү түрдө  башка жарандар менен бөлүшүүсү зарыл. Мындай билим берүү тренингдер, жумуш издеп жана квалификациясын жогорулатууга муктаж болгон жаш атуулдарга багытталган. Тренингдер төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  • Тил үйрөтүү курстары
  •  Компьютер үйрөтүү курстары
  •  Профессионалдык консультация жана тренингдер: юристтик, каржылык, жумушка орношуу, ж.б. темалар.

4.5. Жогорку окуу жайлардын, техникалык, кесиптик окуу жайлардын  бүтүрүүчү окуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүү–бул, кыймылдын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен атайын жолугушуулары.  Бул иш-чаранын негизги максаты –бүтүрүүчүлөргө жумуш издөө процессине жардам көрсөтүү жана эмгек базарында эффективдүү жумуш издөө жолдорун айтып берүү.

4.6. Экологиялык акциялар–табиятка, айлана чөйрөгө жооптуу мамиле кылууга жарандарды чакыруу жана ал иш-аракетти пропагандалоо, шаардын табияттык тазалыгын сактоо үчүн мамлекеттик, коомдук институттарга жардам берүү үчүн уюштурулат.

4.7. Ишмердүүлүктүн башка түрлөрү  -  Программадагы белгиленген миссия, милдет жана максаттарга, Конституцияга, өлкөнүн мыйзамдарына жана бул программага каршы келбеген жаратман мүнөздөгү иштер болуш керек.


5. ИШКЕ АШЫРУУ МЕХАНИЗМИ

Айкөлдүк кыймылынын катышуучулары программанын негизи болгон жогорудагы ишмердүүлүктү биргелешип,  бирге кызматташып жана автономдук тартипте ишке ашырышса болот.

5.1.Кыймылдын автономдуу багыты  ЖОЖдо айкөлдүк командалары жана башка өлкөдөгү мекемелер аркылуу ишке ашат. Айкөлдүк кыймылы талантуу, келечектүү, чынчыл, демилгелүү жардам берүүгө умтулган жаштарды  колдоосун көргөзөт. Кыймыл милдетүү түрдө Фондко  «Ак Дил» айкөлдүк кыймылы аты астында иш алып бараарын жана акцияларды өткөрүп тураарын квартал сайын отчет берип турушу керек.   Команда өз эсебинен волонтерлук акцияларды өткөрүүгө аракет кылышат.

Мыкты командаларды  аныктоо жана сыйлоо максатында Фонд квартал сайын командалар арасында конкурс өткөрүп келет. Бул конкурста айкөлдүк командалар таза атаандаштыктын негизиндебашка командалар  менен тең салышып,   «Мыкты айкөлдүк командасы», «Жылдын айкөладамы» наамына ээ болушат. Фонд дайым командага жаңы мүчөлөрдүн келишин колдойт.

5.2.Айкөлдүк кыймылынын бардык командалары биригип масштабдуу акцияларды жана иш-чараларды ишке ашырышат.  Биргелешкен ишмердүүлүк жаштарды күчтүү кыймыл түзүүгө жана аны менен бирге жаркын келечектүү коомду орнотууга мүмкүнчүлүк берет.

Бардык биргелешкен акцияларды жана иш-чараларды Фонд  эң алдыңкы долбоорлор катары тандап алат.  Бардык тандалып алынган акциялар, иш-чаралар масштабдуу түрдө өткөрүлөт жана башка командалар аткарууга милдеттүү болушат.


6. КОМАНДА ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА АЙКӨЛДYК КЫЙМЫЛЫНА МҮЧӨЛҮК.

Биригип, өз айкөлдүк командасын түзүү чечимин алган бардык жаш, активдүү жарандар, жогорку окуу жайлардын жана башка билим берүү уюмдарынын студенттери болот.

Чечим кабыл алынгандан кийин команда чогулуш өткөрүп, команданын лидерин тандап, календарлык план түзүп, командага ат тандашат жана алдыдагы иш-чараларды талкуулашат. Команданын аты бир шаблондо өтөт. Команда атынын биринчи сөзү «Ак Дил» болуп, андан кийинкиси өз эрки менен тандалат.. Өз эрки менен тандалып алынган ысым, жогорку окуу жайдын же башка уюмдун атын көрсөтүшү мүмкүн. Мисалы:АкДил “университет” айкөлдүк командасы же АкДил энтузиасттар айкөлдүк командасы.

Айкөлдүк командасынын мүчөсү болуунун негизи -  бул кандидаттын өздүк арызы жана өз каалоосу менен «АкДил» айкөлдүк кыймылына кирүү тилеги.(Тиркеме1-арыз).

Тандалган команданын лидерлери Фондко түзүлгөн команда тууралуу билдирме берип, каттоо жол жобосунан өтүшөт. (Тиркеме2–команданы каттоо формасы).

Бардык уюштуруу иштери бүткөндөн кийин команда  негизги иштерине кирет. Команданын лидерлери өз алдынча жалпы жетекчилик  кылып, кызматын  Фонд жана башка командалар менен бирге алып барат.


7.АЙКӨЛДYК КЫЙМЫЛДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН

ИШ АЛЫП БАРУУ ПРИНЦИПТЕРИ .

Айкөлдүк кыймылынын  командалары бир нече негизги принциптреди намыс кодекси катары тутушат.  Бул негиздер  команданын ар бир катышуучусуна жана башка командаларга  тиешелүү. Булар:

7.1  Мыйзамдуулук; 

7.2. Ыктыярдуулук;

7.3. Кыймылдын мүчөлөрүнө өз ишинин маанилүүлүгүн билдирүү;

7.4. Үзгүлтүксүздүк жана системалуулук;

7.5. Демилгелүүлүк жана жигердүүлүк.


8. МҮМКҮНЧҮЛҮК ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫКТАР

Айкөлдүк кыймылынын катышуучулары, кыймылдын миссиясынан, максаттарынан жана милдеттеринен  келип чыккан, кошумча мүмкүнчүлүктөргө жана артыкчылыктарга ээ болушат.

Кыймылдын катышуучуларына, коомдун социалдык маанидеги көйгөйлөрдү чечүүсүнө салым кошуу жана айрым жарандарга пайда алып келүү үчүн,  бирдиктүү, күчтүү, заманбап кыймылга бириккенге мүмкүнчүлүк берилет. Ошентип, ар бир катышуучу жакшылык көрсөтүүгө умтулушун иш жүзүнө ашырып, айкөл атын алат жана өлкөнүн эң активдүү жана демилгелүү айкөл адамы катары тарыхка калат.

Фонд үч ай сайын катышуучулардын арасында конкурс уюштуруп, салтанаттуу шартта конкурстун жеңүүчүлөрүнө, өлкөнүн эң мыкты айкөлдөрүнө сертификаттарды тапшырат. Кыймылдын ар бир катышуучусуна конкурста жеңип, « Жылдын  айкөл адамы» аттуу наамын алганга ат салыша алышат. Бул наам коомдо сыйга татыктуу, ардактуу жана кадырдуу атак болуп эсептелет.

Айкөлдүк кыймылынын катышуучулары иш таржымалына жазууларды алып, жумушка орношууда кошумча артыкчылыкка ээ болот. Активдүү атуулдук позициясы бар инсан болуп таанылат.  

Бул долбоор катышуучулар үчүн эмгек карьерасын баштап же улантууга баштапкы аянтча катары колдонула алат.. Айкөлдүк кыймылына катышуу - турмуш билим же тажрыйбаны алууга кошумча мүмкүнчүлүк берет. Ар кандай иш-чараларда, акцияларда жаңы досторду табууга, керектүү байланыштарды чыңдоого, пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Эң мыкты катышуучулардын жана командалардын иштери Фонддун сайтында жана башка белгилүү массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлөт.

 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо