Наверх
  • 0 (312) 620921

Кыргызстандын Жаш Элитасы

"КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН - ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮ МОДЕЛИ" КОНКУРСУНУН ЖОБОСУ

Жакшы кыялдар ар дайым жүрөктүн түпкүрүнөн чыгат. Анткени эч убакта адамдын жан дүйнөсүн алдоого мүмкүн эмес. Биздин эл БИРДИКТҮҮ болуш үчүн, ар бир кыргыздын жан дилин козгой турган бир нерсе жетишпей тургандай.

"КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН - ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮ МОДЕЛИ" 

1.      ПРЕАМБУЛА

�м�

Өлкөбүздөгү ар бир жаран эмнени кыялданат? Кыргызстан үчүн кандай улуттук кыялболушу мүмкүн?

Жакшы кыялдар ар дайым жүрөктүн түпкүрүнөн чыгат. Анткени эч убакта адамдын жан дүйнөсүн алдоого мүмкүн эмес. Биздин эл БИРДИКТҮҮ болуш үчүн,  ар бир кыргыздын жан дилин козгой турган бир нерсе жетишпей тургандай.

Ар бир мамлекет кризис учурларда өздөрүнө жакын ураандарды колдонгон, мисалга алсак Кореяда 1960-жылдардагы кризис учурларда “ар бирөөгө бирден чыны күрүч” урааны абдан актуалдуу болгон.

Ал эми биздин элдин жан дүйнөсүн козгогон кандай чакырык, ураан болду экен? Ар бир өлкө үчүн өнүгүүнүн туура жолун тандоо  убактысы келет эмеспи. Ошонун сыңарындай эле бүгүнкү күндө өз өлкөбүздүн келечегин колубузга алып, элибиздин үмүт-тилегин актап, биргелешип иштей турган мезгил келди.

Бүгүнкү күндө шумдуктудай өнүккөн өлкөлөр убагында кризиске кабылган учурда кандай жол менен чыгышкан? Кыйынчылыктарга карабай элдердин үмүтүнүн үзүлбөшүнө эмне түрткү болгон? Ар кандай кырдаалдарда адамзатын эмне жеңишке жеткирген?

Үмүт, эртеңки күн бүгүнкүдөн жакшы болот деген терең ишенич . Ал эми ар бир адамды бир ачылыш жасоого же жашоодо бир кесиптин ээси болууга максат да эмес, план же стратегия эмес эң алгачкы болуп анын КЫЯЛЫ сүрөйт эмеспи.  Бардыгы КЫЯЛДАН башталат. Бакыт жөнүндө кыял, жакшы жашоо жана айлана чөйрөңдү жакшыртуу кыялы.


2.      СЫНАКТЫН ЖАЛПЫ ЖОБОСУ     

Долбоордун мааниси. Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы,  “Акыл Тирек” сынагынын номинанты Гульзат Майчинова жана К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети “Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели”  аттуу телеоюн сынагын кыргыз элинин улуттук кыялын табууга жана анын мамлекеттин өнүгүү жолундагы маанилүүлүгүн ачып берүү, өлкөнүн өнүгүү моделин түзүү үчүн жаштар арасында жарыялоодо.

Долбоордун өзгөчөлүгү эмнеде?

v  Коомдун аң-сезимин айрыкча жаштардын ою аркылуу өзгөртүү багыты

v  Ой-жүгүртүүнү негативден позитивге өзгөртүү

v  Ар бир кыргызстандыктын жан дилин козгогон улуттук кыялды табуу

v  Уллуттук кыялды ишке ашырууга умтулуу

 

Долбоордун негизги максаты. “Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели” сынагын уюштуруунун башкы максаты - жаштардын жаңычылдык менен айырмаланган, өзгөчө ой-жорумдагы, оң жактуу өзгөрүүлөрдү камтыган идеяларын сунуштоосу аркылуу жана инновациялык иш-чараларды, форматтарды, технологияларды пайдалануу менен кыргыз элинин улуттук кыялын алып чыгуу жана мамлекеттин өнүгүү моделин түзүү. Кабыл алынган конкурстук иштердин ичинен эң мыкты 3 долбоорду алып чыгуу, аларды телереалити-шоу аркылуу коомго тартулоо жана  ишке ашырууга түрткү берүү.

Сынактын катышуучулары. Жарыш кыргызстандыктар арасында өткөрүлөт. Сынакка 30 жашка чейинки жаштар, жогорку класстын окуучулары, студенттер катыша алышат. Бир иштин автору 3-5 кишини түзгөн топ болушу мүмкүн. Түзүлгөн топтун атынан бир лидер даярдалат. Катышуучулар өздөрү жашап жаткан аймагын же шаарын өнүктүрүү боюнча жаңыча өнүгүүнү сунуштагандар, маселеге жаңылануу менен мамиле кылгандар, оңдоп-түзөө маселесин чечүүдө өзгөчөлөнгөн жана таасирдүү идея жана сунуштарды  көрсөтө алгандар тандалат.

Күтүлгөн жыйынтыктар

  •  Кыргыз элинин уллуттук кыялын алып чыгуу
  •  Уллуттук кыял мамлекеттин өнүгүү моделинин өзөгү катары коюу
  •  Ар бир жаранды өлкөнүн өнүгүү багытын аныктоого катыштыруу
  •  Кыргыз элинин руханий балуулуктарын туура ордуна коюу
  • Жаштарды турукттуу өнүгүүнүн жолдорун табууга багыттоо
  • Социалдык ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү

 

3.      НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР

Жарышка республикалык, шаардык, аймактык масштабдагы көйгөйлөрдүн чечемин көрсөтүү мүмкүн. Алар төмөнкү багытта болушу мүмкүн:

  •   Экономиканын туруктуу өнүгүүсү
  •   Мамлекетти башкаруу
  •   Саясат (ички, тышкы)
  •   Миграция
  •   Билим берүү
  •   Кыргыз тилин өнүктүрүү
  •   Тарыхый-маданий көз караш
  •   Социалдык чөйрө
  •   Ички баалуулуктар
  •   Спорт
  •   Дени сак жашоо түрү
  •   Туризм
  •   Технология жана прогресс
  •   Айланадагы чөйрөнү өнүктүрүү
  •   Турак-жай жана жумуш менен камсыздоо
  •   Архитектура жана курулуш
  •   Коопсуздук          

4.      ДОЛБООРУ ИШКЕ АШЫРУУ ЭТАБЫ

Конкурстук иштердин экспертизасы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо 3 этаптан турат:

·         Алгачкы экспертиза

·         1-Комплекстүү экспертиза

·         2-Комплекстүү экспертиза

I этап. Долбоорду сунуштоо. Алгачкы экспертиза

  • Катышуу билдирүүлөр жана сынактык долбоорлор  электрондук форматта www.fpi.kg сайтынын “ДОЛБООРЛОР” бөлүмүнүн «КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШ ЭЛИТАСЫ» бөлүмүн басуу менен «КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН» баракчасынан үстүбүздөгү жылдын 29-мартына  чейин кабыл алынат:
  • Долбоорлор сынактын жобосунун негизинде жазылып, сунуш формасы толтурулгандан кийин zip форматтагы файл катары тиркеп коюуңарды өтүнөбүз.
  • Үстүбүздөгү жылдын 22.03 – 26.03 чейин сунушталган долбоорлор алгачкы экспертизадан өтүп, алар  сынактын багыттарына туура келиши, мааниси, мазмуну текшерилип, ар бир областтан 20га чейин долбоор тандалат.
  • Алгачкы экпертизага келип түшкөн долбоорлорго Фонд, БГУ жана аймактардагы ЖОЖдун жетекчилери тарабынан түзүлгөн атайын эксперттик группалар өздөрүнүн бааларын беришет жана ошолордун ичинен жогорку баа алган 20га чейин долбоорлор тандалып алынат. Бирок керектүү учурда башка эксперттер да тартылат. 

 

II этап. Аймактык деңгээлдеги жарыш. Комплекстүү экспертиза.

  Үстүбүздөгү жылдын 07.04 – 17.05 аралыгында алгачкы экспертизадан өткөн долбоорлор арасында ар бир региондордо ачык конкурстар уюштурулат

  Ачык конкурстар жеңип чыккан 20га чейинки долбоорлордун авторлорунун катышуусунда долбоорлорду жактоо форматында өтөт. Фонд, БГУ жана аймактардагы ЖОЖдун жетекчилери тарабынан түзүлгөн атайын эксперттик группалар өздөрүнүн бааларын беришет.

  Аймактардагы конкурсту ЖОЖдор тарабынан уюштурулат. Ал эми  Фонд БГУ менен биргеликте катышуучулардын тизмесин тактап, келүүнү камсыздайт жана ММКнын жардамы менен  конкурстун өтүү кыймылын радио, телевидение, газеталарга чагылдырат.

  Ачык конкурстарда 2 этап менен өтүп,  жыйынтыгында ар бир региондордон же аймактардан бир гана долбоор танадалып алынып, ага республикалык конкурска жолдомо берилет.

III этап. Республикалык денгээлдеги жарыш.

  • Республикалык денгээлдеги сынак Бишкек шаарында өтүп, жалпысынан 8 долбоор катышат, алардын ичинен эң мыкты 3 гана эмгектин авторлору жеңишке ээ болот.
  • 13-14 июнда салтанаттуу түрдө сыйлык тапшыруу аземи болот.
  • Жеңишке ээ болгон 1- орунга 1500 АКШ доллары, 2 – орунга 1000 АКШ доллары, 3-орунга 500 АКШ доллары акчалай сыйлык берилет.

Комплекстүү экспертиза же аймактык жана республикалык тандоо турлары уюштуруучу топтор тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан каралат. 


5.      СЫНАКТЫН НЕГИЗГИ КРИТЕРИЙЛЕРИ

Алгачкы экспертизада долбоорлор төмөнкү шарт жана критерийлердин негизинде бааланат:

  • Долбоордук сунуштар жогоруда көрсөтүлгөн багыттарга туура келиши;
  • Долбоордук сунуштар бардык коюлган талаптардын негизинде жазылышы жана жиберилиши;
  • Долбоордук сунуштун так жана түшүнкүтүү тилде жазылышы;
  • Долбоордук сунуштагы белгиленген көйгөй жана маселелер таасын жазылып жана аныкталышы, аны чечүү жолдору жана механизмдери реалдуу, ал эми эсептелинген бюджеттин чындыкка дал келиши;
  • Долбоордук сунуштун сунуштаган авторлорго же авторго таандык болушу, плагиат болбошу;
  • Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнүн ичинде анын натыйжаларга жете алуусунун так көрсөтүлүшү.

 

Комплекстүү экспертизада долбоорлор төмөнкү шарт жана критерийлердин негизинде бааланат:

  •   Оригиналдуулугу жана жаңычылдыгы:
  •   Чыгарылган жыйынтыктын коюлган максатка дал келиши;
  •   Жарыштык иштин максатына жетʏʏдɵ коюлган тапшырмалардын ылайыктуулугу;
  •   Кɵйгɵйлɵрдʏн жʏйɵɵлʏлʏгʏ;
  •   Долбоорду реалдуу практикада колдоно алуунун так жазылышы;
  •   Долбоорду Кыргыз Республикасында колдоно алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ;
  •   Ишке ашыруудагы финансылык эффективдʏʏлʏгʏ;
  •   Азыркы учурдун талабына жооп бериши жана актуалдуулугу;
  •   Реалдуу бюджет.

 

Төмөнкү жоболорго жооп бербеген конкурстук билдирүүлөр жана катышуучулар конкурстан четтетилет:

  •     Мөөнөтүнөн кечигип берилген катышуу билдирүүсү;
  •     Конкурстук документтерге жооп бербеген билдирүүсү;
  •     Керектүү документтердин толук жана далил эместиги.

 

 Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – бир жылдан ашык эмес.

 

Долбоордун географиясы: Долбоорду сунуштаган автордун жашаган аймагы же шаары, өлкө.

 

Долбоордун бюджети өкатышуучу тарабынан белгиленет.

Суралган бюджеттин суммасы долбоордун чыныгы керектөөлөрүнө негизделиши, так эсептелиши жана чыгымдын ар бир статьясы боюнча дал келиши керек.

Конкурс тууралуу жана жыйынтыктар боюнча толук маалымат – www.fpi.kg веб-сайтына жарыяланат.  


6.      КОНКУРСТУ УЮШТУРУУ ТАРТИБИ

Кулактандыруу!

·         Долбоорлор плагиатка жатпаганы текшерилет

·         Конкурстун шарттарына жооп бербеген иштер каралбайт

·         Конкурска жөнөтүлгөн иштер кайтарылбайт

·         Фонд иштердин мазмуну үчүн жоопкерчилик албайт

·         Конкурстун жыйынтыгында берилүүчү апелляция кабыл алынбайт.

 

 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

  • raul 22 Март 2014

    Саламатсыздарбы? Кечиресиз долбоордун так аныкталган колому жана формасы жокпу?

  • Аман 13 Март 2014

    проект деген созду эки жерден ката жазыпсынар. пландалып жаткан проекттин максималдык суммасы канча болуш керек?

  • роо 10 Март 2014

    Вы надеелись, что кто-то прочитает такой длинныйтекст? Ток этер жерин жазып койгулачы. О чем речь вообще?

  • Нурлан 10 Март 2014

    Саламатсыздарбы? Кечиресиз долбоордун так аныкталган колому жана формасы жокпу?

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо