Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

2014-жылдын 17-сентябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда «Акыл Тирек» конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү салтанаты өткөрүлдү.

2014-жылдын 17-сентябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда «Акыл Тирек» конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү салтанаты өткөрүлдү. Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча атуулдарыбыздын арасынан гениалдуу сунуштарды, жаңычыл жана эффективдʏʏ чечимдерди, ошондой эле терең изилдɵɵлɵрдү таап чыгуу, колдоо жана алдыга сүрɵɵ менен мамлекетибизде жаңыланууга, масштабдуу ɵзгɵрүүлɵргɵ жана эффективдүү реформаларга жол ачуу максатында жаш окумуштууларга жана жарыштын женүүчүлөрүнө «Акыл Тирек» наамын ыйгаруу салтанаты жыл сайын «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу тарабынан уюштурулуп келет. Бул жылы жарыштын алкагында экономика, мамлекеттик башкаруу, социалдык долбоорлор жана илимий-техникалык ачылыштар тармагында пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган 120 эмгек, илимий жана аналитикалык сунуш, долбоорлор  кабыл алынып, алгачкы экспертизадан 74 эмгек өтүп, алардын катарынан комплекстүү экспертизанын (атайын эксперттердин) элегинен алдыңкы сапка 12 иш жеңүүчү деп тандалынып алынды.

Салтанатта жарыштын жыйынтыгын чыгаруудан мурда жарышка колдоо көрсөткөн эксперттерге ыраазычылык баракчаларын жана «Акыл Тирек» китептерин Муралиев Амангелди Мурсадыкович тапшырды.

�м�

Эксперттик комиссиядан жеңүүчүсү деп табылган 12 эмгектен сырткары дагы 9 эмгекке кошумча сыйлык ирээтинде дипломдор, «Акыл Тирек» китептер жана ар бирине 5000 сомдон акчалай сыйлыгын Орозоалиев Төлөмүш Орозалиевич ыйгарды.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан өзгөчө деп белгиленген эмгектер жана алардын авторлору

1.  Кошбакова Батмахан Муктаровна - Ж. Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаш окумуштуулар кеңешинин төрөайымы. Эмгектин аталышы: «Кыргыз элинин социалдык-маданий каада-салттарынын заманбап шарттарда өнүгүүсү».

2.  Жунушалиева Нурзат Манасовна  - Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин мүдүрү. Эмгектин аталышы: «Колледж-жогорку окуу жай системасындагы үзгүлтүксүз билим берүү».

3. Мамырбаева Турсун Турганбаевна - Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун мүдүрүнүн илимий иштер боюнча орун басары. Көмөктөш авторлор: К.А.Узакбаев, Б.С.Шалабаева, А.З.Исмаилова. Изилдөөнүн толук аталышы: «6 айдан 2 жашка чейинки балдардын арасында микронутриенттердин жетишсиздигинен пайда болгон оорулардын таркалышы жана алардын алдын алуу ыкмасы».

4.  Базарбай   Темишов  - Философия илимдеринин кандидаты, дүйнөлүк саясат илимдеринин докторанты. «Улуттук идеология» боюнча республикалык конкурстун  баш байгесинин ээси,  1-даражадагы дипломанты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ардак» грамотасынын, «Патриот» медалынын ээси,  коомдук ишмер. Эмгектин аталышы: «Кыргызстанды  элдик  демократиялуу өлкөгө  модернизациалоо менен мамлекетти  бекемдеп, коргоп, сактап калуунун реформалык  жолу»

5.  Саитов Нурлан Жолдошевич - AVN - компаниясынын негиздөөчүсү, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Аралыкта окутуу жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башкы адиси, техника илимдеринин кандидаты. Эмгектин аталышы: “Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын  жаӊы технологияларды колдонууга өткөрүү жана автоматташтыруу”

6. Асанова Салима Муратовна - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин электротехника жана электротехниканын теоретикалык негиздери кафедрасынын доценти. Конкурстук иштин толук аталышы: «6-35кВ электр бөлүштүрүү түйүндөрүнүн  тартуу линияларынын үзгүлтүккө учурашын аныктоонун иштиктүү ыкмасы»

7.  Турсуналиева Динара Мухтаровна - М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин доценти. Эмгектин аталышы: «Жеңил өнөр-жайы тармагындагы ишканалардын атаандаша алуу жɵндɵмдүүлүгүн инновациялык ɵнүгүүнүн негизинде камсыз кылуу жана жогорулатуу процесстери, интеграциялык бизнес түзүмдɵрдү калыптандыруу».

8. Какчекеев Токтогул Какчекеевич - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтүрүнүн генералдык штабынын башкаруучунун кеңешчиси. Иштин аталышы: «Мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик түзүмдү оптимизациялоо жана Ички иштер министрлиги».

9.  Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин алдыңкы адиси, химия илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкери Султанкулова Алыйма Султанкуловнага -   «Кыргызстандагы «алтындай» калдыктарды кайра иштетүү».аттуу эмгеги үчүн.

�м�

Андан соң «Акыл Тирек» жарышынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо убагы келип, «Акыл Тирек» сыйлыгын тапшырууга Салымбеков Аскар Мааткабылович, Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти Алдашев Алмаз Абдулхаевич жана коомдук ишмер, профессор Жаманбаев Мурат Жүзүмалиевичтер сахнага чакырылды. Белгилеп кетчү нерсе бул жылы «Акыл Тирек» жарышы биринчи, экинчи, үчүнчү сыяктуу орундарга бөлүнбөстөн жеңүүчүлөрдүн бардыгы «Акыл Тирек» наамынын лауреттары деп аталып, жарыштын жыйынтыгы менен жалпысынан 12 эмгек сыйлыкка ээ болду. Алардын алтысы эксперттердин татыктуу делген эмгекке ээ болуп ар бирине диплом, «Акыл Тирек» китеби, 25 000 сомдук сертификаттар ыйгарылды.  Андан соң эксперттер тарабынан өзгөчө белгиленип жогорку баага татыктуу болгон 6 жеңүүчүсүнө да диплом, «Акыл Тирек» китеби жана 50 000 сомдук сертификаттар ыйгарылды.

�м��м�

“Акыл Тирек - 2014” конкурсунун жеӊүүчүлөрү

1. Жеңиш Нурбек (25 000 сом)- Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) доценти жана экономика департаментинин жетекчиси. «Кыргызстандагы кичи жана чакан ишкердиктин экспортко багытталып ѳнүгүүсү: тигүү ѳнѳр-жайы» аттуу эмгегинде калкты иш менен камсыздоого салым кошкон Кыргызстандагы жеӊил ѳнѳр-жайынын флагманы кийим тигуу тармагынын ѳнүгүүсүндѳгү жетишкендиктери каралат. Ошондой эле импорттолуучу кездеме менен фурнитурага тарифтердин жогорулашы жана Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүүсүнѳн улам жыйынтык катары келип чыгуучу натыйжалар каралып чыккан.

2. Атабаев Нурлан Узгенович (25 000 сом) - Эл Аралык Ататүрк–Алатоо университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы. «Акча-кредит саясатынын кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө тийгизген таасири» аттуу эмгегинде экономикалык өсүшкө тийгизген таасирин эконометрикалык модел аркылуу аныктап, эффективдүү өнүгүүнүн сунуштарын киргизген.

3.  Гыязов Айдарбек Токторович (25 000 сом) - Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя Технология, экономика жана укук институтунда окуу-маалымат департаментинин башчысы, экономика илимдеринин кандидаты. «Кыргыз Республикасындагы чакан ишканалардын ишкердик потенциалынан өсүп-өнүгүүсүндөгү мамлекеттин ролу» аттуу изилдөөсүндө ишкердикти колдоодогу көйгөйлөрдү чечүүнүн макро жана микро денгээлиндеги жолдору жана КРда ишкердик потенциалдын өнүгүүсүндөгү мамлекеттин конкреттүү кадамдары каралган жана багыттар берилген.

4. Кыдыралиев Сыргак Капарович (25 000 сом) - Борбордук Азиядагы америкалык университеттин профессору. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын саясаты боюнча өзгөчө кɵз караш жана ойлорун билдирип жана  сунуштарды берүүгɵ аракет кылган эмгеги үчүн; 

5. Суюнбаев Мурат Насирдинович (25 000 сом) - Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору. “Кыргызстандын прогрессивдүү өнүктүрүү модели” аттуу сынактык эмгегинде айыл тургундарын жумуштуулук менен камсыздоо жана заманбап экономикага жакындаштыруу багытында кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү менен креативдүү жаңы ɵнɵр-жай тармагын колдоо моделин сунуштайт.

6.   Жапарова Дамира (25 000 сом) - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  Экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнун доценти, экономика илимдеринин кандидаты. Көмөктөш автору  Бектеновна Дамира Чотуевна – Кыргыз-Славян университетинин Экономика факультетинин “Каржы жана кредит“ бөлүмүнүнүн бөлүм башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор.    “Кыргыз республикасындагы саламаттык сактоо системасынын экономикалык анализи” аттуу изилдөөсүндө саламаттык сактоо системасындагы эң негизги экономикалык көйгөйлөргө көңүл бүруу максатында системанын негизги  каржылык булактары жетишсиз жана медициналык камсыздандырууну «камсыздандыруунун анык модели» деп айтууга мүмкүн эместигине токтолуп, айрым чечүү жолдору сунушталган.

7.  Осмонов Ысман Джусупбекович (50 000 сом) - К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Инженердик техникалык факультетинин профессору. “Койлорду зоотехникалык жана ветеринардык тейлөө үчүн экологиялык жактан коопсуз технологияны жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу» эмгегинде көп жылдык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин натыйжасында фермердик (дыйкан) чарбаларынын, айыл чарба кооперативдеринин жана башка түрдөгү чарбачылыктын шарттарына ылайыкташкан койлорду зоотехникалык жана ветеринардык тейлөө үчүн экологиялык жактан коопсуз технология жана техникалык каражаттар иштелип чыккан. Сунушталган технологияда койлорду зоотехникалык жана ветеринардык тейлөөлөрдүн бардыгы толугу менен механикалаштырылган жана автоматташтырылган.

8. Дюшеналиева Эркайым Бекжановна (50 000 сом) - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Инновациялык кесиптер институтунун ага окутуучусу. Кыргыз Республикасында мамлекеттик иншканалардын көйгөйлөрү Элдик IPO (өлкөнүн жарандар арасында баалуу кагаздарды айкын жайгаштыруу) менен чечилет. Элдик IPO ишканага акча каражаттарды тартууга мүмкүн берет жана Кыргызстандагы баалуу кагаздардын базарынын өнүгүү факторлорлорунун бири болмокчу деп, конкреттүү долбоор сунуштаган.

9. Кулданбаев Нурбек Кудайбергенович (50 000 сом) - «Реласкоп» коомдук фондусунун мүдүрү, «Жаш-муун» коомдук бирикмесинин мүдүрүнүн орун басары, «Алдын алуучу медицина» илимий өндүрүштүк бирикмесинин ага илимий кызматкери. Өлкөнүн жаратылыш ресурстарын коргоо жана рационалдуу колдонуу үчүн GPS координаты менен белгиленген стационардык үлгү аянтчаларынын негизинде айлана чөйрө объектилерине мониторинг жүргүзүүнү сунуштаган. Жаратылыш объектилерин GPS системасынын жана металл реперлеринин жардамы аркылуу маркировкалоо аларды узак убакытка байкоого алууга жана изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүүсү боюнча мыкты долбоор берилген.

10.  Сабырова Гүлзат Жумадиловна (50 000 сом) - Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынын бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит кафедрасынын башчысы. “Бюджеттик чыгымдардын натыйжалуу тескелишин жана кѳзѳмѳлдѳнүшүн эсептик-талдоо жагынан камсыздоо». Сунушталып жаткан изилдөө бюджеттик мекемелердеги бухгалтердик эсеп жана ички кѳзѳмѳл тутумун реформалоого арналган. программалык-максаттуу бюджеттештирүүнү киргизүү аркылуу мамлекеттик башкаруунун бардык институттарынын ишмердигинин натыйжасына карай баалоо жана иштин натыйжалуулугу үчүн жоопкерчилигин күчѳтүү зарыл. Бул жаңы милдеттерди орундатуу үчүн принципиалдуу жаңы маалыматтарды алууга багытталган бюджеттик эсеп жана отчеттуулуктун жаңы тутуму керек болот деген ишенимде өзгөчө долбоор берген.

11.  Асанов Арстанбек Авлезович (50 000 сом) - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жүк которуп-ташуучу, курулуш, жол машинелери жана жабдыктары кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор. Көмөктөш авторлор: Алымкулов Самсалы Аманович, Жумалиев Кубанычек Мырзабекович. «Инновациалык технологиялардын негизинде Кыргызстандын экономикалык секторлорун жана көмүр тармагын кɵтɵрүү» аттуу эмгегинде Кыргызстандагы көмүрдү энергоэффективдүү колдонуу проблемалары жана инновациалык технологиялардын негизинде кɵмүрдү кайра иштетүү аркылуу энергетикалык кɵйгɵйлɵрдүү чечүүнүн  жолдору баяндалган. Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактары: энергетика, өндүрүш, айыл-чарба, тоо-кен багыттарын системдүү түрдө заманбап технологияларды колдонуунун негизинде өркүндөтүү демилгесин элге жеткизүүнү максаттаган долбоор.

12. Молдобеков Болот Дуйшеналиевич (50 000 сом) - Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институнун мүдүрү. Көмөктөш авторлор: Орунбаев Сагынбек Жолчуевич,  Усупаев Шейшеналы Эшманбетович, Бегалиев Улугбек, Паролай Стефано, Бинди Дино «Шаарларды сейсмикалык микрорайондоштуруунун жаңы жолдору жана «Ыкчам маалымат берүү борборун түзүү» аттуу сынактык илимий изилдөө ишинде борбор шаарыбыздын жер кыртышын изилдеп, көп кабаттуу турак-жайлардын жана жаңы курулуштардын сейсмикалык абалы талдоого алынган. Ошондой эле шаардан ыраак болгон жер титирөөлөр үчүн «Ыкчам маалымат берүү борборун» түзүү каралып, ал азыркы учурда ишке ашырылып жатат. 

 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо