Наверх
  • 0 (312) 620921

Новости

Жусуп Абдрахманов туурасында документалдуу фильм тарта турчу режиссер белгилүү болду

Жусуп Абдрахманов туурасында документалдуу фильм тарта турчу режиссер белгилүү болду

12-июлда Бишкек шаарында кыргыз элинин даңктуу уулу, коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов туурасында документалдуу фильм тартуу укугуна ээ болуу үчүн белгилүү жана жаныдан чыгып келе жаткан режиссерлор арасында жарыш болуп өттү.

Аталган жарыш коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбековдун демилгеси менен уюштурулуп,  Кыргызстандын сакталышына жана өнүгүшүнө зор салымын кошкон Жусуп Абдрахмановдун бейнесин толук ачып бере ала турган мыкты режиссерду тандап алууга багытталган.

Жарыштын талаптарына ылайык Айдаралиев Бекболот, Абдыжапаров Эрнест, Абдыкадыров Нурлан, Боркошев Нурбек, Курманкулов Нуркамиль, Машрапов Руслан, Турдубаев Бакыт жана Эралиев Замир сыяктуу режиссерлор өздөрүнүн конкурстук иштерин тапшырышкан. Аталган режиссерлор атайын түзүлгөн коомдук жюринин алдында документалдуу фильмди тартуу боюнча көз караштарын жана пландарын тартуулашты. Жюринин курамына коомдук ишмер Аскар Салымбеков, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев, Жогорку Кенештин депутаты Садык Шернияз, Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр, сценарист Геннадий Базаров, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын директору Асылбек Озубеков, журналист Бакыт Орунбек, коомдук ишмер, режиссёр и сценарист Бейшенбек Мамбетакунов, «Жусуп Абдрахмановдун Фонду» коомдук фондусунун директору Мирбек Усебаев жана «Аскар Салымбековдун Фонду» коомдук фондусунун директору Амангелди Жумадиловдор киришип, ар бир режиссердун долбоорун угуп, аларга суроолорун беришти.

Долбоолор сунушталып аяктаган соң, жюри өз алдынча талкуу жүргүзүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде документалдуу фильмди тартуу укугун ала турчу режиссерду аныктады. Жеңүүчүнүн аты жалпы катышуучулардын алдында жюринин мүчөсү Садык Шернияз тарабынан айтылып, Эрнест Абдыжапаров татыктуу деп табылгандыгы белгилүү болду.   

Акырында Аскар Салымбеков бул маанилүү фильмди тартуу сынагына катышкан бардык режиссерлорго ыраазычылык билдирип, бул фильмди тартуу демилгеси көп жыл мурда эле көтөрүлгөнүн, сценаристтер демөөрчүлүк кылуу сунушу менен кайрылып келишкенин, бирок бардык режиссерлорго мүмкүнчүлүк берип, татыктууну тандоо үчүн конкурс уюштуруу чечими кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле өз сөзүндө бул жерге тарыхты баалап, бабаларыбыздын атын түбөлүк калтырууну максат кылган адамдар чогулганын айтып, Эрнест Абдыжапаровго чыгармачылык ийгилик каалоо менен келечекте легендарлуу инсан Жусуп Абдрахмановдун бейнесин  толук ачып бере ала турган фильм пайда болоруна үмүт кыларын белгилеп өттү.

Белгилеп өтүүчү нерсе аталган жарыш журналист Бактыт Орунбек жазган сценарийдин негизинде «Аскар Салымбековдун Фонду» коомдук фондусу тарабынан уюуштурулган.

 
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Анонсы

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Внимание! Время пришло!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Внимание! Начался третий набор на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана»

Внимание! Прием заявок на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана» продлен.

3-игра проекта Кыргызстан моей мечты 25.06.2014 г. начало 18.15

Кыргызстан моей мечты 18.06.2014г на ОТРК в 18.20ч

Тренинг по финансовой грамотности переносится на неопределенный срок

«Коучинг организаций.Организационное консультирование»

Обсуждение предстоящих мероприятий

Внимание! Начался второй набор на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана»

Второй Всемирный Конкурс Кыргызстанцев «Акыл Тирек»

Отмена субботника 12 апреля

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Внимание! Прием заявок на конкурс Кыргызстан моей мечты продлен

Все анонсы

Патриотизм

нет манкуртизму, безразличности к территориальной целостности страны, языку, истории, культуре и традициям

Созидательность

нет регионализму, радикализму, религиозному фанатизму и национализму

Конструктивность

нет бессмысленному противостоянию и разрушительной конкуренции

Объективность

нет черному пиару, слухам, не проанализированной информации, корыстным целям

Профессионализм

нет дилетантству и мракобесию

Нейтральность

мы против разделения на оппозицию и пропозицию, а готовы сотрудничать со всеми во имя будущего страны

Партнеры

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо