Наверх
  • 0 (312) 620921

Обращение

Обращение на запуске проекта ИКК

Урматтуу бүгүнкү аземдин катышуучулары, биздин чакыруубузду кабыл алып, ачылыш жыйынга келип бергеңиздерге ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

«Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорунун демилгечиси Аскар Салымбековдун сөзү

             Урматтуу бүгүнкү аземдин катышуучулары, биздин чакыруубузду кабыл алып, ачылыш жыйынга келип бергеңиздерге ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Мындан 1093 жыл мурда, 920-жылы тарыхтын кыйчалыш шарттарында өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган биздин ата-бабаларыбыз, өз баштарынан эчендеген жан кейиткен оор мезгилдерди өткөрүп, таптакыр жок болуп кетүү коркунучтарына дуушар болуп, акыркы 20 жылдай ашык мезгилди мына эгемендүү мамлекетте жашап жатабыз.

Албетте, эгемендүүлуктүн жүгү оор болду, анын объективдүү да, субъективдүү да себептери болгонун биз баарыбыз жакшы билебиз. Ошону менен катар биз сөз кыла турган ийгиликтер да бар.

Алардын бирөө бул биздин өлкөдө түзүлгөн жарандык коом жөнүндө айткым келет.

Бүгүн жарандык коом өнүгүүгө карай чоӊ өзгөрүүлөрдү, ири секириктерди каалап, анча-мынча ийгиликтерге ыраазы болбой жаӊыча нерселердин ишке ашуусун каалап жатат. Өзгөчө жаштар арасында ординардуу эмес ойлор чыгып жатат. Бул жарандык коомдун чоң нерселерге болгон умтулуусу, өнүгүү кереметтерин жасашкан Малайзия, Сингапур, Корея ж.б. өлкөлөрү сыяктуу ири ийгиликтерди жаратуу мүдөөсү турат.

Ошондой эле жарандык коомдун дагы бир күчтүү тарабы 20-жылдык эгемен тарыхта жашоо үчүн күрөштө  жалгыз калып, (мамлекеттин камкордугусуз) өз жанын өзү багуу жөндөмүн жана өзүнө-өзү ишенүү мүнөзүн калыптандырды. Күчтүү өлкө - өз жанын өзү бага алган жана өз жашоосу үчүн өзү жоопкерчилик алган жарандык коомго ээ болгон өлкө. Биз баарыбыз билебиз коӊшу мамлекеттерде күчтүү бийлик болсо, Кыргызстанда күчтүү жарандык коом бар. Бүгүнкү биздин алсыздыгыбыз биздин артыкчылыгыбыз болчу күндөр келди. Бүгүнкү жарандык коом менен болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди багындырууга болот.

Бирок, тилекке каршы, мындай артыкчылыктарга ээ болгон жарандык коомго ээ болуп туруп, мамлекетибизде тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кыла албай жатабыз. Мунун бир гана себеби бар деп эсептейм – ар бирибиздин  бакубат мамлекет куруудагы ролубузду жана бүгүнкү саясий күрөшкө алтернативдүү башка жаратман жолдорду көргөзгөн жалпы багыттын жоктугу.

Урматтуу ата мекендик идея өндүрүүчүлөр, элибиздин акыл тиректери! Мекен силерге муктаж болуп турат. Өзүбүздөн чыккан жаратман жана алдыӊкы идеяларды колдоочу, сүрөөчү мезгил келди.  Кыргызстаным деп күйүп, ар кыл багытта изилдөө жана анализин жүргүзүп, жаӊыча багыттарды сунуштап жүргөн өзүбүздүн адистерге көӊүл буруп, колдоп жана алдыга жылдыруу зарылдыгы бар. Чет элдик адистерге көз каранды болуп, ал эми ата-мекендик адистерге көз жумган мезгил бүтүшү керек. Мен ишенем, эгерде ата-мекендик идея өндүрүүчүлөргө татыктуу мамиле кылсак, биз Кыргызстанды бийиктиктерге алып баруучу документтерди иштеп чыга алабыз.

Прогрессивдүү башкача идеяларды, ийгиликке карай кардиналдуу өзгөрүүлөрдү сунуштап жаткан жарандарыбызга көз жумуу адашуу деп эсептейм. Өз акыл оюн азыктандырбаган улут башка бирөөнүн мээсине муктаж болот. Коомдун эс акылы бул - өлкөнүн идеялык тиреги. Ал эми биз билгендей, өлкөнүн күч кубаты - күчтүү армия менен эмес, өлкөнү идеялык тунгуюкка кабылтпай, ар дайым заманга ылайык алдыӊкы ой пикирлерди берип турган идеялык тиреги менен аныкталат.

Алдыңкы жана жаратман идеялар болбогон жерде, ар дайым популисттик жана талкалоочулук идеялар болот.     

Мына бул нерселер «Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорун көтөрүп чыгууга түрткү берди. Идеялык Карта – коомдук интеллектин жемиши болуш керек.    

Долбоордун негизги максаты - коомубуздагы алдыңкы, жаратман идея жана демилегелерди алып чыгуу, таанытуу,  колдоо жана алдыга жылдыруу. Биз алдыңкы, жаратман идея жана демилегелердин системасын түзүүбүз керек. Коомчулукта дал ушундай идеялар басымдуулук кылышы зарыл.  Сиздер, мына ушул жерде отурган эксперттер, окумуштуу адистер, жаш докторант, аспиранттар, жаратман жолго багыт алган патриот жигиттер, кыздар алдыӊкы ойлордун казынасын түзөсүңөр деп ойлойм. Бул жолдо, биз демилгечи жана патриот уулдар сиздерге колдоо көргөзүүгө даярбыз.

Биз күчтүү аналитиктердин жана ишбилги адистердин коомун түзүүбүз зарыл. Кыргызстанды оӊдоочулар бул жакта, сиз менен биздин арабызда. ϴзгөчө жаштардын жаңыча ойлорун, патриоттук демин талкалабай, алардын көзүн ачып, мүмкүнчүлүк берчү мезгил келди. Мен силердин араӊардан, урматтуу акыл тиректери, Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азияда идеялык чоӊ секирикти жасап, дүйнөнү таӊ калтыра турган адамдарды көрө турганыма тереӊ ишенем. Сиздер буга чейин бир дагы өлкөдө болбогон жаӊы картаны, Идеялык Картаны түзүп чыгат деп ишеним артам жана башкаларды дагы буга чакырууну улантам.

Кыргызстандын Борбордук Азиядагы өзгөчөлүгү жогоруда белгилеп өткөндөй күчтүү жарандык коому менен байланышкан. Жарандык коомдо көптөгөн потенциалдар бар. Электеп, сүрөп алып чыксак канчалаган асыл ойлор, алдыңкы идеялар чыгат деп ишенгим келет. Ал эми жардам берип, туура багыт берсек биздин Махатхирлер, Ли Куан Ю, Ден Сяо Пиндер чыкчу күндөр алыс эмес. Ар бир коомдун өнүгүү жолу уникалдуу болгон. Кыргызстанда жаркын келечекке карай улуу бурулушту жарандык коом жасайт, анын башында дал сиздер турасыздар.  

Бул идеялык картаны түзүп чыгуу үчүн атайын виртуалдык жана реалдуу талкуу аянтчалары, идеяларды топтоп күчтүүлөрүн алып чыгуучу атайын механизм, аларды көтөрүп колдоп турган атайын медиа каражаттар ж.б. көптөгөн шарттар керек. Дал ушул шарттарды мамлекеттин келечегине кабатыр болуу менен камсыздап берүүгө жоопкерчилик алып турабыз жана мекенибиздин башка патриот атуулдары бул ишти колдойт деп бел байлап жатабыз. ϴлкөбүздө көптөгөн мекенчил атуулдарыбыз бар, демек мындай колдоо көргөзө турган  атуулдар көп эле чыгат.

Мына ошондуктан биз сунуштап жаткан долбоор – бул:

Биринчиден, жаратман, конструктивдик жана уникалдуу идея жана демилгелерди чыгара турган реалдуу механизм болот деп терең ишенүүдөбүз.  Себеби, долбоордо идеялардын таза таймашы болушуна жогорку шарттарды түзүү каралган. Дал ушул идеялардын таза жана туруктуу таймашы идея жана демилгелердин мыктыларынын пайда болушуна жана алдыга чыгышына себепкер болот.

Экинчиден, Күчтүү аналитик жана иш билги адистерди пайда кыла турган реалдуу механизм болот. Бул үчүн долбоордо прогрессивдүү күчтөр ортосунда жогорку атаандаштыкты жаратуу каралган. Жогорку жана адилеттүү атаандаштык мыктылардын мыктысынын алдыга чыгышына, ошондой эле коомчулукта жаңы профессионалдуу атуулдардын пайда болушуна жол ачат, жаңы элита түптөлөт.

Үчүнчүдөн өнүгүү документтеринин натыйжалуулугу – коомчулуктун активдүү катышуусу, ал эми ийгиликтүүлүгү -  калктын колдоосу.

           Тактап айтканда, өткөн жыйырма жылдык тажрыйбабыз бизге, эл элегинен өтүп, алардын каалоо жана тилектерине төп келип, коомчулуктун жалпы интеллектинин жана аракетинин жемиши болгон гана өнүгүү документтери натыйжалуу боло тургандыгын түшүндүк. Себеби, “бир баш жакшы, эки баш андан жакшы дегендей” өнүгүү документтеринин коомчулуктун активдүү катышуусу менен түзүлүшү, көпчүлүк арасындагы өзгөчө идея, көз караш жана пикирлердин эске алынышына себепкер болот. Анын негизинде бир жагы эффективдүү, экинчи жагы көпчүлүктүн оюун эске алган элдик документ болот. Демек,  бул документ элдин көкүрөгүнөн чыккан тилеги болуп, алардын жоопкерчилик алышына себепкер болот.

         Бул багытта долбоордо, коомчулуктун коллективдик интеллектин мамлекеттин пайдасына колдонуу.

Бул үчүн атайын  түзүлгөн сайт аркылуу коллективдик интеллект болгон  краудсорсинг процессин ишке киргизебиз.  Краудсорсинг - бул коомдук маанилүү маселелерди көптөгөн компетентүү инсандардын күчү менен чечүү болуп,  көпчүлүктүн  белгилүү билимдерин колдонууга, билинбегендерин сууруп чыгууга, ошондой эле баалуу идеяларды жана жөндөмдүү адамдарды таап чыгып жана өнүктүрүүдө кеңири колдонулат. 

Краудсорсинг,  коомдук пайдалуу продуктардын пайда болушуна алып келет. Алар, мамлекеттин орчундуу маселелерин чечүүгө жардам бере турган даяр стратегиялык документтер, жол карталары, аналитикалык-илимий иштер, жаратман идея жана демилгелер, ошондой эле алардын базасы.

         Урматтуу мекендештер бул иштердин баардыгысы, бизге коомдун интеллектуалдык потенциалын жогорку деңгээлде колдонууга, өзүбүздүн тагдырды өзүбүз аныктоого, өз эскперт, аналитик жана окумуштууларыбызды өстүрүп, татыктуу урпактарды таптоого жардам берет деп толук ишенем!

Урматтуу акыл тиректери, биз жөн эле талкуудан конкреттүү коомдук документтерди иштеп чыгууну сунуштап жатабыз, мамлекеттин стратегиялык багыттарын аныктоого көмөкчү боло турган стратегиялык документтерди жана конкреттүү маселелерди чечүүчү жол карталарын иштеп чыгуу. Коомчулукта көп маалымат, ой жана идеялар бар, бирок алар талкуу деңгээлинде болуп эле калууда. Ишкерлер өзүнчө маалыматка ээ, эксперттер дагы өзүнүн идеясы бар, окумуштуу жана жаштар дагы башка ойлорду беришет, мамлекет өзгөчө пикирге ээ. Эгерде бул пикирлер ооздо журө бербей, талкууланып, документ болуп чыкса бул бардык тараптарга пайдалуу болот. Коомчулук, мамлекет сиздерден конкреттүү документтерди күтүп жатат. Коомдук интеллекти колдонуп иштелип чыккан документ коомчулук үчүн жол көрсөтүүчү болсо, мамлекетке күчтүү база болуп берет.

Дагы бир айтып кетүүчү нерсе бул доолбордун коомдук колдоосун камсыз кылуу багытында атуулдардын башын бириктирип, аларды бири-бири менен байланыштырып турган, Улуу ойлор айтылып турчу, жаратман демилегелер колдоого алынып туруучу Жоопкерчиликтүү Жарандардын Клубун түзүү дагы планыбызда. Бул клуб бүгүнкү айтылгандарга ынанып саясий күрөштөн жаратман иштерге өтүүнү каалаган бардык жарандарга эшик ачык. Бул жоопкерчилик конвенциясына кол коюп, келечек үчүн жоопкерчилик алган жарандардын бирикмеси.

Биздин бул долбоор аркылуу көздөгөнүбүз,  саясий элитаны - ар дайым иш билги азаматтар менен жаңылап жана күчтөндүрүп турган заводду,  идеялык казынабызды - керектүү жаратман, оригиналдуу идея жана демилгелер менен толуктап турган фабриканы, коомдук интеллекти - мамлекеттин пайдасына бириктирип жана эффективдүү колдоно турган, ошондой эле  атуулдардын аракетин - бириктирип, жалпы бир жаратман ишке жумшай турган механимзди түзүү болуп саналат.   

Биз бири-бирибизден кемчилик, душман издөөнү токтотуп, жөн гана терс сапаттарга каршы күрөш баштап, коомчулукта бул нерселерди жиркеничтүү кылып көрсөтүү.

Сиздер саясатсыз реалдуу иштер менен жан үрөп жүрөсүздөр, мунуңар чыныгы атуулдук вазыйпа. Ата мекенди сүйгөн күчтөр аркылуу силерге окшогон жаратман топторду колдоп, аракеттерди бириктирели.

Бул багытта ар бир кварталды, жаратман иштердин кварталы кылып, ал убакытта бирдиктүү аракет кылууга чакырып жатабыз. Чындыгында саясий политикандар эмес, сиздердин ишмердүүлүгүнүздөр коомго чыныгы пайда алып келе алат. Биздин максат жана тилек, бул жаратман иште биз биригип, ишибизди координациялап бирдиктүү иш жүргүзө алсак, бири-бирибизге партнер боло алсак, Ошондой эле мындай иштер жоопкер атуулдар тарабынан колдоого алынса. Биз ойлогон максаттарга жете алабыз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Анонсы

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Внимание! Время пришло!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Внимание! Начался третий набор на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана»

Внимание! Прием заявок на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана» продлен.

3-игра проекта Кыргызстан моей мечты 25.06.2014 г. начало 18.15

Кыргызстан моей мечты 18.06.2014г на ОТРК в 18.20ч

Тренинг по финансовой грамотности переносится на неопределенный срок

«Коучинг организаций.Организационное консультирование»

Обсуждение предстоящих мероприятий

Внимание! Начался второй набор на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана»

Второй Всемирный Конкурс Кыргызстанцев «Акыл Тирек»

Отмена субботника 12 апреля

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Внимание! Прием заявок на конкурс Кыргызстан моей мечты продлен

Все анонсы

Патриотизм

нет манкуртизму, безразличности к территориальной целостности страны, языку, истории, культуре и традициям

Созидательность

нет регионализму, радикализму, религиозному фанатизму и национализму

Конструктивность

нет бессмысленному противостоянию и разрушительной конкуренции

Объективность

нет черному пиару, слухам, не проанализированной информации, корыстным целям

Профессионализм

нет дилетантству и мракобесию

Нейтральность

мы против разделения на оппозицию и пропозицию, а готовы сотрудничать со всеми во имя будущего страны

Партнеры

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо