Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаратман демилгелер

Жаркын келечек үчүн кызматташтыкка чакыруу!!!

«Акыркы сөз коомдун ою менен» дегендей, коомчулук биздин аракетибизди баалап, ар бирибиз белгилүү жеңишке ээ болобуз. Биз Сиздер менен бирге бул абалды күтөбүз. Келгиле, коомго эффективдүү түрдө пайдалуу болобуз, биригебиз, иштешебиз!!!

Жаркын келечек үчүн кызматташтыкка чакыруу

Жалгыз адам кыла албаганды,

 биргелешкен коом жасаган,

акылдар менен колдун ынтымагы,

бир багытта элдин болгон күч дымагы.

Даниел Уэбстер.

Биздин коомдо учурда абдан күчтүү душман бар. Ал партия, же уюм, же бир конкреттүү адам эмес, ал коомдогу терс сапаттар: трайбализм, коррупция, кайдыгерлик, жоопкерчиликтин жоктугу жана бөлүнүп жарылуу түшүнүгү сыяктуу терс көрүнүштөр. Бул сапаттар биринин аркасынан бирин улап, агрессия жана башка зыяндуу сапаттардын чынжыр катарын чубап келе жатат. Биз бул жолдон терең аңга батып баратканыбызды сезип турсак да,ошол аңга матырылып бара жатабыз. Мисалы, коррупция – бул жөнөкөй тил менен айтканда «ууручулук». Азыркы учурда уурдоо коомубузда нормалдуу көрүнүш болуп жатат. Ал эми жоопкерчиликтин жоктугу ар бир жаранда терең отурукташып, бул да нормага айланды. Албетте, мындай нормалар менен жашаган коомго уят, шерменделик дегенден башка эмнени айтуу мүмкүн. Бирок, чын чынына келгенде биз бул көрүнүштөр, бул ачык душман менен күрөшүүгө алыбыз жетет. Бардык аракет, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, жаратмандык багытында позитивдүү көрүнүштөрдүн чынжырын түзүп, душманга сокку берүү мүмкүн.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду кайсы бир чиновник, же бир партия, же бир конкреттүү жаран менен күрөшүүгө чакырбайт, айтылган терс сапаттарды коомубуздан сүрүп чыгарууга чакырат. Фонд коомдун бардык мүчөлөрүн бириктирүүнүн жолдорун көргөзүп, жогорудагы позитив чынжырын куруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Бүгүнкү кымкууттан чыгуунун жаркын жолу болгону менен, ал жолдо ар бирөөбүз жалгыз кадам таштап келе жатабыз: жаштардын кыймылдары ар түркүн коомдук иш чараларды  аткаруу менен; ал эми бизнес чөйрөсү өлкөдөгү туруксуз абалга карабастан ишин алып баруусу менен.  Ар бирөөбүз коомдогу абалды көрүп турабыз жана ар бирибизде мамлекетке кандай жардам беребиз деген ой жашап келет. Ошондуктан буга чейин ууручулукту жок кылуу, баңги заттар менен күрөшүү, спорт менен машыгып, ден соолуктуу жашоо жана ынтымакта болуу тууралуу ар түркүн ролик, иш-чараларды көрүп, угуп келе жатабыз, бирок бул аракеттер Кыргызстандын жалпы элин өзгөртө албай жатат. Жалгыздын иши жалгызчалык, бул аракеттер бир жолу гана кылынган иш сымал. Биздин Фонд биригүүнү сунуштайт, дагы бир жолу тажабай кайталайбыз, бардык аракет, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдүн (техникалык, адамдык капитал мүмкүнчүлүктөр) консолидациясына чакырат.

Биздин Фонд даяр механизм жана аянттарды сунуштап, ошол коллективдүү  интеллекттен жаратмандык демилгелерди жаратууга жана аларды  ишке ашырууга чакырат. Аны менен бирге бул иш-аракеттердин баарын бир багытта координациялоодон терс сапаттарды түп тамырынан жок кылуу туруктуу жана пландуу түрдө боло тургандыгын белгилеп кетет.

Фонд ар бир квартал сайын конкреттүү багыттарды да сунуштайт.

Биринчи квартал – бул үмүт жана ишеничтин, жарандарга оптимизмди сиңиртүүнүн кварталы болуп, «Жакшы Ниет – Жарым Ырыс» деген лозунгдун астында коомчулуктун катышуусу менен уюшулган иш чаралардын катарын белгилейт.  Мисалы, белгиленген лозунг астында бир нече иш чаралардын катары ишке аша турган болсо, семинар, ролик, же флешмоб түрүндө болуп «ыр кесе» катары бир областтан экинчи областка өтсө, албетте,  коомго оптимизмди сиңиртүү жана позитив чынжырын куруу жеңил жана тез болмокчу. Бул позитивди жаштардын кыймылы, активдүү жарандар, бизнес коому, же мамлекеттин келечегин ойлогон ар ким жаратышы мүмкүн. Бул позитив пландуу түрдө, конкреттүү координациянын алдында коомдогу айкынсыздык, ишенбөөчүлүк, кайдыгерлик сезимдерин сүрүп, ишенич жана кайраттуулук сезимдерин арттырат. Бул позитив, бул проекттин алдында биздин канчалык деңгээлде бирге жана эффективдүү иштөөбүздөн көз каранды экенин баса белгилөө зарыл.

Экинчи квартал – бул элдин биргелешүүсүн жана ынтымагын пропагандалоо  кварталы болуп, «Желбиресин Биримдик Байрагы» аттуу лозунгдун астында өтөт.  Мисалы, бир жаштар кыймылы ар бир аймакта караван-тур өткөрүп, ар бир жаранды ынтымакка чакыргысы келди, бирок бул демилгени иш жүзүнө ашыруу үчүн материалдык, моралдык жана техникалык колдоо керек. Биздин биргелешкен күчүбүз бул демилгенин эффективдүү жана пайдалуу экенинин далилине ишенген соң, бирибиз финансылык жактан, экинчибиз техникалык жактан, үчүнчүбүз моралдык жактан (бул да чоң рол ойнойт)  колдоо көрсөтсө, натыйжада өз потенциалыбызга, бириккен аракет жана мүмкүнчүлүктөргө гана таянуу менен коомубузду өзгөртө алабыз.

Биз туруктуу, пландуу, координациялуу иш сөзсүз бир нерсени өзгөртөт деп толук ишенебиз. Бул синергия жакшы жыйынтыкка алып келет экенине бизде шек жок.

Үчүнчү квартал – бул ишкердик маданиятын жайылтуу жана чыңдоо кварталы болуп, «Байлык Эмгектен Жаралат» деген лозунг астында өтөт. XXI кылым –инновация жана ишкердиктин кылымы. Учурда бул маданият биздин коомдо толук түшүнүлүп, таркаган эмес. Жалпы элдин калың катмары жеке ишкердиктин принцип жана ийгиликке жетүү жолдорунан кабардар эмес. Бул багытта агартуу иштерин SIFE (эркин ишкердүүлүктөгү студенттер) жаштар кыймылы ж.б.у.с. жүргүзүп жатканы менен,  бардык элди маалымат менен камсыздоо дагы эле толук ишке аша элек. Ал эми бул квартал ичинде конкурсттардын жыйынтыгында, белгиленген багыттагы иш-чаралардын дагы бир катары аныкталган болсо,  процесс мөөнөт жана камтыган элдин катмары жагынан эффективдүү болмок. Биздин аракеттерибиздин консолидациясы т.а. бирибиздин адамдык капиталыбыз (мисалы, семинар өткөрө алган профессионалдуу адамдар), бирибиздин материалдык мүмкүнчүлүгүбүз (финансылык жактан колдоо), ал эми үчүнчүбүздүн ушул иш-чараны жайылтуу, пропагандалоо шартыбыз (ММК, гезит жана ТВде), жада калса өткөрүүгө мүмкүн болгон жайды сунуштообуз, бардыгыбыздын мамлекетке жардам берүү ниетибиздин чындыгын, ак дилибизден экенин аныктайт десек жаңылышпайбыз.

Төртүнчү квартал – бул жоопкерчиликти жайылтуу жана ар бир жаранды мамлекеттин келечеги үчүн жооптуу болуу сезимине чакыруу кварталы болуп,  «Жоопкерчиликтүү Эл - Күчтүү Мамлекет» деген лозунгдун астында болмокчу. Мындан кийинки кварталдар да белгилүү багыттарга бөлүнүп, тиешелүү иш-чараларды конкурстун негизинде тандап, аларды пландуу түрдө ишке ашыруу менен коомдогу жана аң-сезимибизде сиңип келе жаткан терс сапаттарды жок кылуу ылдамдыгын тездетет.  

Биз бузууга, алып таштоо, алмаштырууга чакырбайбыз, биз жаратууга үндөйбүз. Эч кандай кара ниет, эч кандай доминация жок, бир гана конструктивдүү күрөш, таза  конкуренция жана консолидация бар. Эгер бир адам өзүн коомчулуктун ичинде сезсе, ал ошол коомго бир гана материалдык баалуулуктарды бербестен, жаратпастан, ал өзүн да жаратат.  Жарандуулук духу болгон иште, өзүн өзү тарбиялоонун чыныгы башаты жатат. Биз Сиздерди терс сапаттар менен күрөшүүгө чакырып, өзүн өзү өнүктүрүүгө үгүттөйбүз.  

                Кыргызстанда жаштар кыймылы (Бишкекте гана активдүү деген 14төн кем эмес кыймыл бар), коомдук фонддор, бирикме ж.б. уюмдар  абдан көп.  Бардыгы политикадан алыс реалдуу  иштерди кылып, проблемаларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштап, бүтүндөй бир концепция жана механизмдерди жарыялап келе жатышат. Финансылык, моралдык кыйынчылыктарга,  мамлекеттик бийликтин жана жалпы коомдун колдоосунун жоктугуна карабастан максаттарына талпынып гана келе жатышат. Биздин  Фонд Сиздердин катарыңарда туруп, реалдуу проекттерди (бир кварталда 5тен кем эмес) жаратып, аларды ишке ашыруу менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну каалайт.

Биз бири-бирибизди тааныйбыз. Ар бирибиз мамлекеттин өнүгүшүн каалайт жана бирөөбүз коррупция менен, экинчибиз трайбализм менен, ал эми үчүнчүбүз  манкуртчулук менен күрөшүп, төртүнчүбүз улуттук баалуулуктарды сактоо аракети менен, бешинчибиз укуктук маселелерди чечүү менен салым кошуп келгени келген, бирок биз көбүнчө бири-бирибизди уккубуз да келбейт. Бардык ишибиз ак ниеттен жакшылык үчүн, бирок тилекке каршы, биз бирге иштөө жана бизге кулак салууга жете албадык.  Эң негизги маселе – бул ортобуздагы координациянын жоктугу. Фонд биригүү демилгесин көтөрүп, реалдуу жана виртуалдуу аянттарды камсыз кылуу менен бир багытта, бир дем менен иштөөнү жана иш-аракетерибиздин координациясын сунуштайт. Бул аянттарда биз коомдогу маселелер тууралууу ой пикирлерибизди угуп, кеңешип, бир чечимге келе алабыз. Дагы да мобилдүү, реактивдүү, эффективдүү болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Биз убада берүүдөн алыспыз, биз Сиздер менен бирге, Сиздердин жардамыңар менен айланабыздагы абалды өзгөртүү гана аракетиндебиз.  Сиздердин проектиңер жана биздин проекттер бир багытта коомдогу терс сапаттарга каршы жеңилгис курал болуп, бул паразиттерден кутула турган болсок, коомдо уурдоо, алдоо, кайдыгерлик менен эч нерсе кылбай олтуруу абдан уят абал болуп чыга келмекчи.

                Биздин мүмкүнчүлүк жана Сиздердин потенциалды терең анализдөөдөн кийин чечкиндүү түрдө биздин иш-аракеттерибиздин координациясы күтүлгөн натыйжаларга алып келет деп толук айта алабыз.

                 «Акыркы сөз коомдун ою менен» дегендей, коомчулук биздин аракетибизди баалап, ар бирибиз белгилүү жеңишке ээ болобуз. Биз Сиздер менен бирге бул абалды күтөбүз. Келгиле, коомго эффективдүү түрдө пайдалуу болобуз, биригебиз, иштешебиз!!!

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо