Наверх
  • 0 (312) 620921

Долбоорлор

«КЫРГЫЗСТАНДЫН ИДЕЯЛЫК КАРТАСЫН» ТҮЗӨБҮЗ

Бул проектке Кыргызстандын идеялык картасын түзүүгө кызыктар болгон бардык мамлекеттик институттар, коомдук уюмдар жана жөнөкөй жарандар да катышат. Коомдун жалпы аракетинен келип чыккан Идеялык карта элдин энчиси болууга тийиш.

Коомдук проект

 Биз «Кыргызстандын Идеялык Картасын» түзөбүз

Резюме:   Бул проектке Кыргызстандын идеялык картасын түзүүгө кызыктар болгон бардык мамлекеттик институттар, коомдук уюмдар жана жөнөкөй жарандар да катышат.  Коомдун жалпы аракетинен келип чыккан Идеялык карта элдин энчиси болууга тийиш.

Идеялык картаны түзүү процессинин өзү эле абдан  уникалдуу. Себеби, коомдогу бардык  идеялар жана демилгелердин консолидациясын жана бул идеялардын таймашын шарттайт, аны менен бирге мамлекеттик институттар, коомдук уюмдар жана жөнөкөй жарандардын элегине салынат, натыйжада чечим кабыл алуу бардыгынын орток иши болуп саналат.

 

Идеялык Карта деген эмне:

* Идеялык Карта – бул улуу идея (мозговой штурм), элди бириктирип, прогрессивдүү жаратман күчтөрдү консолидациялоочу жана жарандардын аң-сезиминде төңкөрүш жасоочу акыл картасы.

* Идеялык Карта – бул аянтча, кайраттуу реформаторлордун, профессионалдуу аналитиктердин, компетенттүү эксперттердин, интеллектуалдардын, энергиялуу жаштардын жана  активисттердин биригүү платформасы.   

* Идеялык Карта -  бул таза конкуренция, конструктивдүү күрөш жана адилеттүү сын менен баа. Булар ар түрдүү көз караш менен ой пикирлердин таймашуусунан жаңы прогрессивдүү, жаратман күчтөрдүн пайда болушуна шарт болуп саналат.

* Идеялык Карта – бул прогрессивдүү идеялардын, жаратман демилгелердин, эффективдүү стратегиялардын, конструктивдүү сунуштардын жана даяр проекттердин базасы.

* Идеялык Карта –бул илим жана саясат, бийлик жана мыкты адистердин, элита менен жооптуу калктын ортосундагы көпүрө.

*  Идеялык Карта – бул мамлекеттин саясатына жол көрсөткүч, бизнесмен жана инвесторлорго ориентир жана элдин аң-сезимине нур.

*  Идеялык Карта – бул инновациялык жана новаторлук потенциалды, жарандардын аналитикалык, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана прогрессивдүү, жаратуучу идея, демилгелерди пропагандалоо, алдыга сүрөө борбору.

* Идеялык Карта – бул жоопкерчиликтүү жарандарды жаратуучулукка жана идеялык талпынууга алып барган жол.

 

Идеялык Картанын миссиясы: 

«Биз Кыргызстандын Идеялык Картасын түзөбүз» проектисинин алкагында жооптуу жарандардын башын бириктирүү, үлгүлүү элитаны түзүү жана  улуу идеологияны белгилөө милдеттерин аткаруу – негизги миссия болуп саналат.

Идеялык Картанын максаттары:

Проекттин максаттары негизги үч пункттан турат:

1) Проекти ишке ашыруу менен элге төмөнкү нерселерди түшүндүрүү:

Мамлекетти биримдик үчүн күйгөн, адилеттүү иш алып барган жана туура чечим кабыл ала алган «жоопкерчиликтүү гана эл» сактай аларын түшүндүрүү;

Элдин ынтымагы гана эң мыкты жарандарды, прогрессивдүү идеяларды жана жаратуучу демилгелерди көтөрүп чыгат жана кереметти жаратат;

Мамлекеттин таянычы мыкты бийлик, күчтүү армия же конкуренттүү экономика эмес, мамлекеттин ийгилик тиреги өз акыл казынасы экенин түшүндүрүү;

Революциялык талпынуу бир гана бардык аракет, ишеним, энергияны бириктирип, бир багытта бир максатты көздөп иш алып барганда ишке ашат.

Регионализм, национализмден кутулганда гана мыкты бийликти тургузуп, анын ишин туура баамдап, коомдогу кымгуутту жок кылуу мүмкүн. 

Башка чет мамлекеттердин жардам, кеңештерине дайым муктаж болбой, бир гана өз акылыбыз, жөндөм жана мүмкүнчүлүктөргө таянганда чыныгы эркин өнүккөн өлкө боло алабыз.

 

2)  «Кыргызстандын Идеялык Картасы» проектин төмөнкү нерселерге инструмент катары колдонуу:

Коомдун, бийликтин жаратуучу иш аракеттеринин жана энергияларынын консолидациясынын инструменти;

Делиберативдик процесстин өлкөдө өнүгүүсү б.а. коомдук институттардын жана кызыктар болгон жарандардын маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө катышуусунун инструменти;

Мамлекет, илимий коом, бизнес чөйрөсү, мамлекеттик эмес уюмдар, изилдөө борборлору жана эл аралык уюмдар менен жалпы элдин ортосунда орток бир көпүрөнү табууда да инструмент болуп саналат;

Прогрессивдүү жаратман идеяларды дискуссияга салуу, аларды жайылтуу жана өнүктүрүүнүн инструменти;

Өзгөчө жаштардын арасынан прогрессивдүү жаратман идеялары бар инсандарды алып чыгуу жана колдоодо да инструмент болуп саналат.

3)  «Кыргызстандын Идеялык Картасы» проектин ишке ашыруу менен төмөнкү ийгиликтерге жетүү:

Өзгөчө мамлекеттик маанилүү маселелерди чеччүүгө багытталган изилдөөлөргө шарттарды түзүп берүү;

Жаш реформатор, аналитик жана адистердин коомдорун түзүп берүү;

Бир тараптан мамлекет менен коомдун ортосунда, экинчи тараптан башка коомдук институттар жана жигердүү жарандардын ортосунда да байланыш куруу;

Мамлекеттин маанилүү маселелерин чечүүдө коомдун болгон патенциал жана мүмкүнчүлүгүн эффективдүү колдонуунун механизмин иштетүү;

Биздин коомдогу жарандык активдүүлүктү жана биримдүүлүктү күчөтүү, аны менен бирге  ар бир жаранда мамлекеттин тагдырына болгон жеке жоопкерчилигин арттыруу;

Биздин коомдо мүмкүнчүлүктөрдүн бирдей деӊгээлде болуусун камсыздоо;

Коомго объективдүү, так маалыматтарды берүү.

      Негизги тапшырмалар:

1) Идеялык Картаны коомдук проектке жана элдин демилгесине айландырып, элдин калың катмарын активдүү катышууга чакыруу менен  бул проектин ишке ашышын  жана элдин колдоосуна ээ болушун камсыздоо;

2) Идеялык Картаны туруктуу аянтча-аренага айландырып, бул аренада дайыма идея жана демилгелердин конструктивдүү таймашы болуусун, прогрессивдүү, жаратман күчтөрдүн таза конкуренциясынын орун алышын, ар кандай көз караштардын, ой пикирлердин дискуссиясынын өтүшүн камсыздоо;

3) Идеялык Картаны стратегиялык проектке айландырып, дайыма туруктуу финансылык базасынын болушун камсыздоо керек.

                                       

 I. Проектке катышуу.

Проекттин катышуучулары. Проекттин идеяларына кошулуп, аларды колдогон бардык адамдар бул жолго биз менен кадам таштай алышат.  Тактап айтканда, коомдук жана мамлекеттик уюмдар, бизнес жана илим чөйрөсүндөгү уюмдар, эл аралык жана чет өлкөлүк бирикмелер, эӊ негизгиси жигердүү жарандар катыша алышат. Катышуучулар категорияларга бөлүнүп, ар бири белгилүү миссия жана милдеттерди аткарышат. Проекттин катышуучулары төмөнкү тайпаларга бөлүнөт:

1-категориядагы  катышуучуларИдея жана демилгелерди жаратуучулар б.а. бул илимий изилдөө жана агартуу институт жана борборлору, чет мамлекеттик жана эл аралык уюмдар, жигердүү жарандар жана башка коомдук бирикмелер болуп саналат. Мамлекеттик институттар менен бирге изилдөө ишин жүргүзө турган болсо, анда мамлекеттик органдар да демилгелерди жаратуучу болуп саналат. Бул идея жана демилгелерди  жаратуучулардын негизги милдети идеялык продукцияны өндүрүү. Бул өндүрүштүн натыйжасы мамлекеттин чыныгы мүмкүнчүлүк жана абалын так аныктап, проблемаларды чечүүнүн конкреттүү механизмдерин сунуштоо болуп саналат.

2-категориядагы катышуучуларБизнес чөйрөсүндөгү адамдар, мамлекеттик институттар, эл аралык уюмдар, коомдук кыймылдар жана активдүү жарандар болуп саналат. Алар, финансылык жана укуктук жактан колдоочу болот.  Бул жерде негизги ролду бизнес коому ойнойт. Ал, проекттин негизги таянычы, туруктуу финансы булагы болмокчу.

3-категориядагы катышуучулар . Уюштуруучу жана жайылтуучулар б.а. бардык СМИ, медия уюмдар жана атайын түзүлгөн медия-борбор. Үчүнчүсү идеялык продукцияны жалпы калкка жеткирип,  маалыматтар менен камсыздап туруучу негизги борбор болуп саналат. Ошол себептен медия-борбор өзгөчө ролду ойнойт. Медиа-борбор – бул проектин бир багыты катары телепроект, аналитикалык-маалыматтык портал, атайын максаттуу журнал жана башка мыйзам чегиндеги методдор менен бир тараптан пропаганда жана жайылтуунун инструменти болсо, экинчи тараптан прогрессивдүү жаратман идея, демилгелердин дискуссияга алынышын жана баалануусун камсыздоочу инстурумент болуп саналат. Мындан сырткары, коом менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы идея менен байланыштыра турган көпүрө болуп, коомдун ичиндеги ар кандай бирикмелерди да бири-бири менен байланыштырып келет. Жайылтуучулардын негизги милдети – проектти маалымат менен камсыздоо жана колдоо.

 

Катышуунун шарттары. Проект коомдук проект богондуктан, бардык кызыккан жарандар катышууга болот. Бирок карама-каршылык жана түшүнбөстүк учурлардан алыс болуу  максатында жана кызматташтык үчүн жакшы шарттарды түзүү үчүн принципиалдык шарттар да аныкталган: катышууну каалаган тарап төмөнкү принципиалдык шарттарга* баш ийүүгө тийиш:

  

Проектке катышуунун артыкчылыгы.

             «Биз «Кыргызстандын Идеялык Картасын» түзөбүз» коомдук уникалдуу проект болуп, коомдогу туруктуулук жана прогресс үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү бир жерге топтоо болуп саналат. Ошол себептүү, проект жалпы мамлекеттик деӊгээлде маанилүү. Аны менен бирге ар бир категориядагы катышуучу үчүн белгилүү пайдаларды жана артыкчылыктарды алып келе алат.

              Идея жана демилгелерди жаратуучулар, өзгөчө илимий изилдөө институттары, борборлору, агентсволору б.а илимий ишмерлер, адистер жана эксперттерге алып келген пайда жана артыкчылык: 1) өз изилдөөлөрүн жалпы коомчулук менен бөлүшүү б.а өз изилдөөлөрүн жайылтуу, объективдүү сындарды, сунуштарды  алуу жана башка изилдөөчүлөр менен ой бөлүшүп, эӊ негизгиси элге өз ишин билген мыкты адис катары таанылуу; 2) жаӊы изилдөөлөргө каражат топтоого мүмкүнчүлүк алуу; 3) аналитикалык патенциалын көтөрүү; 4) теориялык билимин практикалык түрдө колдонуу менен реалдуу проблеманы чечүү (өзгөчө ЖОЖ үчүн).

             Коомдук уюмдар жана коммерциялык эмес бирикмелер үчүн да бул проект пайдалуу болуп саналат. Себеби, прогрессивдүү демилгелери менен чыккан уюмдардын идеяларына эл кулак төшөп, элдин ишнимине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу шарты түзүлөт. Ошондой эле башка уюмдар менен бирге ар кандай иш чараларды ишке ашырууда финансылык колдоого ээ боло алат.

          Проектке катышуу бизнес чөйрөсү үчүн түз жана кыйыр түрдөгү пайдаларды алып келет. Биринчиден, бул проектин ишке ашуусун көтөрмөлөгөн демилгечи жана прогрессивдүү, конструктивдүү күч катары коомчулукта колдоого жана элдин сый урматына ээ болот. Себеби, ал жаратмандуулукка жана өзүн өзү сактап калууга чакырат; экинчиден, оор абалдан чыгуунун альтернативалык жолун сунуштоо менен коом үчүн, өзгөчө бизнес чөйрөсүнө керек болгон туруктуулукту алып келүүдө реалдуу   кадам таштайт; үчүнчүдөн, реалдуу ареналарды курууда ишмерлер активдүү иш алып барып, объективдүү маалымат жана билимди ала алышат;  төртүнчүдөн, бардык иш аракеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү топтоп, бир багытка салууда, айланада болуп жаткан ар түрдүү кырчын маселелерди чечүүдө реалдуу жардам кыла алышат, экинчи тараптан ошол болуп жаткан процесстерге таасирин тийгизип, мамлекеттин жана бизнестин өнүгүп кетишине системалык проблемаларды чечүү менен салым кошушат; бешинчиден, коомдук ж.б. иш чараларга бөлүнүүчү каражаттарды оптималдаштыруу.      

            Эл аралык жана чет элдик уюмдар да проектке катышуу менен белгилүү пайдаларга жана артыкчылыктарга ээ болушат. Бүгүнкү күндө мындай уюмдар жарандарды активдүүлүккө чакырып, адамдык капиталды өнүктүрүп келүүдө. Бул уюмдардын проекттери адамдык капиталды өнүктүрүүдө ар тараптуу болуп, жаштарды колдоо менен чектелбестен, ошол эле жаштардын лидердик сапаттарын арттырууга да багытталууда. Демек, бул уюмдардын проектке катышуусу эң оболу алардын булл максаттарынын ишке ашышына жакшы шарттарды түзүп берет.  Мындан сырткары, бул тараптар менен болгон карым катнашты, кызматташтыкты бекемдөөгө жана элдин колдоосуна арзый турган перспективдүү проекттерди, ушул багыттагы иштерди алып баруусуна өбөлгө түзүлөт.  

           Мамлекеттик институттардын бул проектке катышуусу да маанилүү болуп саналат. Алына турган пайда жана артыкчылыктардын ичинен төмөнкү пункуттарга басым кылып кетүүнү туура көрдүк: 1) элдин бардык энергия жана иш аракетин бир жаратмандык багытка тартуу менен мамлекеттик бийлик менен коом ишенимдүү кызматташтыкта иш алып бара алышат; 2) мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүдө өлкөнүн болгон патенциалын топтоо жана колдонууга мүмкүнчүлүк алуу болуп саналат.

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо