Наверх
  • 0 (312) 620921

Долбоорлор

"КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШ ЛИДЕРЛЕРИ"

«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби Коомдук Фонд «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» атайын долбоору жана илимий программасы болуп саналат. Бул долбоор татыктуу, билимдүү жаштардын муунун тарбиялоого жана өстүрүүгө багытталып, окуу программасы боюнча ар бир лидердин өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, кошумча билим алууга шарт түзүп, профессионалдуулук жана жеке өзүнүн өсүүсүн арттырат. 25 жаштан ашкан 100 татыктуу жаш улан-кыздар жазгы-жайкы жана күзгү-кышкы семестрларга кабыл алынып, коомдук мектептин бардык шарттары менен толук колдоно алышат. Кабыл алуу 2 этап менен болмокчу.

«Кыргызстандын жаш лидерлери»

Коомдук мектеби

Мектеп миссиясы – үзгүлтүксүз билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо менен атайын команда түзүү, мамлекеттин жаңы жаркын жаш элитасын түзүүгө жеке салым кошуу.

Мектеп статусу – «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби» «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» атайын илим долбоору болуп саналат. Татыктуу муунду тарбиялоо жана түзүү үчүн багытталат.  

Милдеттер:

  • Жигердүү жана таланттуу жаштарга кошумча билим алуусуна, баалуу маалыматтарга ээ болуусуна жана тажрыйбасын арттырууга шарт түзүү. Ой-жүгүртүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу менен адамдык капиталды жогорулатууга жол баштоо.  
  • Жаштардын өз билимин жана маданий, руханий, нравалык өнүгүүгө болгон умтулуусуна мотивация берүү.
  • Жогорудагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана аларды практикада колдонууга шарт түзүү менен мамлекеттин жаркын жаш элитасын түзүүгө салым кошуу.
  • Жаштардын интеллектуалдык, чыгармачыл жана башка патенциалын стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн колдонуу, актуалдуу маселелерди чечүү менен мамлекеттин политикалык, коомдук-экономикалык системасынын модернизациялануусуна салым кошуу. 

Мектептин ишмердүүлүк багыттары:

Илимий агартуу ишмердүүлүк:

Бул багыт Фонд тарабынан түзүлгөн атайын илимий тарбиялоочу жана агартуучу программанын негизинде ишке ашат. Туура тарбия жана кошумча билим алууларына шарт түзүү болуп саналат.

Бул программа жаштардын аталган патенциалын дагы да арттыруу үчүн багытталган.

Атайын программа ар тармактуу сабактардан турат. Алар Фонд жана башка мектеп, курстар тарабынан ишке ашырылат. Бул сабактар жалпысынан 5 тармакка бөлүнөт:

1. Практикалык сабактар. Бул сабактар мамлекеттин алдыңкы мекеме, ишканаларына болгон профессионалдуу экскурсия жана маданий, мамлекеттик, тарыхый жерлерге баруу мүнөзүндө болуп,  өз көзү менен алдыңкы ишканалардын жаңы менеджментин, кадр жана коомдук политикасын көрүүгө шарт түзөт. Күн сайынколдонуп келген нерселердин жасалышы тууралуу так маалымат алуу жана көрүү. Практикалык сабактар 3 түргө бөлүнөт:

·         Экскурсия  - Инновациялык Кыргызстан. Мектептин катышуучулары мамлекеттеги эң алдыңкы жана ийгиликтүү иштеп жаткан компаниялар менен түздөн-түз таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

·         Экскурсия – Прогрессивдүү Кыргызстан.  Мектептин катышуучулары мамлекеттеги эң алдыңкы жана ийгиликтүү иштеп жаткан коомдук инстит жана эл аралык уюмдар менен таанышып чыгышат.

·         Экскурсия - «Биздин мамлекет». Мектептин катышуучулары мамлекеттин парламенти, өкмөтү жана башка мамлекеттик мекемелер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

2. Мотивациялык сабактар. Ар тараптуу тренингдер адамдын касиеттерин ачууга жардам берет. Инсандык сапаттарды психологиялык жактан өнүктүрүүгө жардам берүүчү тренингдер төмөнкүчө бөлүнөт:

 

·         Финансылык сабаттуулук жана өз алдынча иштеп кетүү.

·         Оратордук искусство жана маек куруунун ыкмалары.

·         Психологиялык өнүгүү боюнча башка тренингдер.

3. Профессионалдуу лекциялар жана семинарлар. Белгилүү илимпоз, эксперт, коомдук ишмер, бизнесмен жана компетентүү мамлекеттик ишмерлердин профессионалдуу лекциялары мектептин катышуучуларына мамлекеттеги жалпы жана актуалдуу маалыматтардан кабардар болууга, кошумча билим алууга, мамлекеттин политикасын билүүгө жакшы өбөлгө түзөт. Лекциялар төмөнкү багыттардан берилмекчи:

·         Мамлекеттик саясат жана мамлекеттик башкаруу боюнча лекциялар  

·         Ишкердик жана менеджмент боюнча лекциялар

·         Мамлекеттеги актуалдуу маселелер боюнча лекциялар

·         Тарых боюнча лекциялар

·         Кыргызстандын экономикасы боюнча лекциялар

·         Дүйнөлүк финансылык система боюнча лекциялар

·         Геополитика жана дүйнөлүк тенденциялар боюнча лекциялар

·         Белгилүү инсандар боюнча лекциялар    

4. Пайдалуу сабактар, мамлекеттеги белгилүү жана абдан кызыктуу адамдар менен жолугушуу жана таанышуу, аларга суроолорду узатуу жаштарга стимул берип, төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

·         Официалдуу жолугушуулар (президент, премьер-министр, спикер жана бакшалар менен жолугушуу)

·         Чыгармачыл жолугушуулар (маданият жана искусствонун адамдары менен жолугушуу)

·         Идеологиялык жолугушуулар (тарыхый инсан жана талантту мамлекеттик ишмерлер менен жолугушуу)


Илимий агартуучу ишмердүүлүк

Фонд тарабынан түзүлгөн атайын интеллектуалдык “Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели”  аттуу конкурс болуп саналат. Илимий, аналитикалык изденүүгө үгүттөө жарышы болмокчу.

Конкурстун максаты мектептин катышуучуларынын өз жана мектепте өздөштүрүлгөн билимине таянып, аналитикалык ой-жүгүртүүсү менен өз кыялдарын проектке түшүрүп, мамлекеттин келечегине болгон көз карашын реалдаштырууга жардам берүү болуп саналат. 


Мектепке кабыл алуунун шарттары

Катышуучулар

Коомдук мектепке Кыргыз  Республикасынын 25 жашка чейинки жаштары катыша алат. Кыргыз Республикасынын ЖОЖларынын бүтүрүүчүлөрү, магистранттар, аспиранттар жана башка жаштар  конкурстук тандоонун негизинде мектепке катышуучу боло алат. Ал эми студенттик кенештин башчылары конкурссуз мектепке катталат.

Талаптар

Окуусу ийгиликтүү, ар түрдүү программа, конкурс, проекттер жана коомдук акцияларга катышуусу, жеке жарандык позициясы, уюштуруучулук жана аналитикалык ой-жүгүртүүсү, инсандык сыпаттарынын, туура амбицияларынын, максатуу болушу сөзсүз эске алынат.

Тандоо

1 этап: таржымалды берүү/ атайын билдирме формасын толтуруу жана электрондук формада www.fpi.kg сайтына киргизүү.

2 этап: тандалган талапкерлер менен жолугушуу

Мектепке кабыл алуу датасы жана катышуучулардын саны жыл сайын алмаштырылып турат. Ал эми окуу мөөнөтү бирирчи каттамга 3 ай, марттан тартып июнь айына чейинки убакыт. 


Программа

Жалпысынан 2014-жылдын март айынан тартып, июнь айына чейин 3 ай бою 12 практикалык жана пайдалуу жумаларда 144 мотивациялык, аналитикалык, интеллектуалдык тренинг, сабак, жолугушууларда болууга шарт түзүлөт. 

1. Жергиликтүү 12 ийгиликтүү компания жана ишканаларга сапар алып, экспедицияга катышышат. Бул алдыңкы компаниялар: 4 ар башка тармактагы бизнес компания; 4 мамлекеттик мекеме; 4 эл аралык уюм же мамлекеттик эмес уюм, коммерциялык эмес уюм ж.б.  

2. 6 ар түрдүү тема боюнча 24 сабак-тренингдерди угуп, сертификаттарга ээ болушат.

3. Өз тармагындагы мыкты адистерден жана белгилүү профессионалдардан 6 лекцияны угушат;

4. Мамлекеттеги ийгиликке жетишкен алдыңкы 6 инсан менен жолугушуулар;

5. Мектептин ичиндеги сабактар: чоң дискуссиялар, группалык дебаттар, конкурстар жана интеллектуалдык оюндар. 


 Коомдук мектептин бүтүрүүчүлөрү

Ар бир бүтүрүүчү өз ысымдары жазылган сертификаттарга ээ болушат.

Бардык сабактарга, иш-чараларга жигердүү катышып, жогорку ба ажана пикирлерге ээ болгондор гана татыктуу бүтүрүүчү боло алышат.

Демек, «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби Коомдук Фонд «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» атайын долбоору жана илимий программасы болуп саналат. Бул долбоор татыктуу, билимдүү жаштардын муунун тарбиялоого жана өстүрүүгө багытталып, окуу программасы боюнча ар бир лидердин өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, кошумча билим алууга шарт түзүп, профессионалдуулук жана жеке өзүнүн өсүүсүн арттырат. 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

  • Айгерим 25 Сентябрь 2014

    хотелось бы узнать что насчет 2-ой школы лидеров? ведь набор еще идет? на осень

  • Нурзада 07 Сентябрь 2014

    Мен Таржымалды жибергем, бардыбы Тактап койосунарбы мумкун болсо

  • алина 17 Март 2014

    а когда будет результаты первого тура!

  • ФПи 10 Март 2014

    До 13 марта 18:00 осуществляется прием заявок. Заявки могут подавать все студенты Вузов, колледжей, аспиранты, магистранты, выпускники, абитуриенты до 25 лет. Заявки принимаются на сайте через раздел проеты -молодая элита кр- общественная школа- подать заявку/оформить документ или через почту fpi.kg@mail.ru Занятия будут проходить на базе ВУЗов г.Бишкек после обеда

  • Болот Шерматов 05 Март 2014

    Здравствуйте,до какого число будет регистрация?

  • Бегимай 24 Февраль 2014

    Я ученица УВК №67, 10 класса. Могу ли я у Вас учиться?

  • Рысбаев Нурсейит 19 Февраль 2014

    Здравствуйте, а где находится ваша школа лидеров?

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо